"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов мурунку фракциялашы Аскарбек Шадиевдин айтканын төгүнгө чыгарды.
"Аскарбек Шадиев фракциядан чыгуу боюнча арыз жазбагам деп Жогорку Кеңешти, БШКны жана баарыбызды чаташтырып жатат. Бул калп. Ал бизге арызын жиберген, эми эмнеге аны жокко чыгарып жатканын түшүнбөдүм. Каттын көчүрмөсүн биз БШКга жиберип, анын негизинде Шадиев мандатынан ажыратылган. Анан кантип аны мандаттан ажыратуу иши жасалма болуп калсын? Фракциянын депутаттарынын, катчылыгынын кызматкерлеринин биринин да башына жасалма иш менен шугулдануу оюу келбейт", - деди Сулайманов.
Аскарбек Шадиев жакында өзүнүн мандатынан ажыратылышы боюнча билдирүү таратып, анда эч кандай фракциядан чыгууга арыз жазбаганын, андыктан БШКнын аракети мыйзамсыз экенин белгилеген. Ошону менен катар ал Кыргызстанга кайтып келүү ниети жоктугун йткан. Айтымында, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна ишене албайт, анткени, акыйкаттык жок деп эсептейт.
Мурунку депутат үч кылмыш ишинин фигуранты болгондон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ага издөө жарыяланган.