Кыргызстандын түштүк борборунда соңку күндөрдө жол кырсыктары абдан эле арбып баратат. Айрыкча балдар катышкан апаат мурдагы жылдарга салыштырганда көбүрөөк катталып жаткан чагы. Ошол себептүү Ош шаарынын жол кайгуул милициясынын башкармалыгынын жетекчилиги мектептерди чекесинен кыдырып, эл арасында түшүндүрүү жана ынандыруу жараянын күчөтүштү.

 

- Чындыгында, көпчүлүк теңтуштарым жолдо жүрүү эрежелерин анчалык деле билишпейт. Дал ушунун кесепетинен өздөрү бөөдө кырсыкка учурап калып жатышат, - деп чырылдады Ош шаарындагы М. Ю. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиянын окуучусу Даниель Асилбеков. – Анан мунун азабын ата-энелер эле куп тартып жатышат. Ошондой эле жол кайгуул милициясынын кызматкерлерине дагы бөөдө сөз тийип атат.

 

- Менимче, бир эле күн менен гана чектелбестен, мындай үгүт жана агартуу иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүп турганыбыз ийги,- деп кепке кошулду  Ош шаарындагы М. Ю. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиянын дагы бир окуучусу Сайкал Осекова. – Ошондо гана утабыз! Анан дагы мындай жолугушуулардын ата-энелер арасында дагы тез-тез өткөрүлгөнү оң. Анткени, биздин үйдөгү коопсуздугубузга көбүнчө ошолор жоопкер эмеспи. Себеби, жол кырсыктарынын басымдуулугу мектептен тышкары убакта болуп жатпайбы. Андыктан, бардык айыпты ириде мугалимдерге гана бир беткей төңкөргөнүбүз дегеле калыстыкка жатпайт.

 

- Мындай жолугушуулар, ошондой эле анын жүрүшүндөгү кароо-сынактар Кыргызстандын түштүк борборунун ар бир мектебинде байма-бай өткөрүлүп жатат, - деди  Ош шаарынын жол кайгуул милициясынын башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Марат Калматов. – Негизги эле максатыбыз: жол кырсыктарынын алдын алуу. Ириде жөө жүрүүчүлөр арасында эрежени өтө бекем карманууга ыктатуу.

 

- Жашырып не. Дал ушул өңүттө биз жалпыга маалымдоо каражаттарынын такай колдоосуна абдан эле муктажбыз! – деди Ош шаарынын жол кайгуул милициясынын башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча тескөөчүсү Рашид Сыдыков. – Эл арасында жол эрежелери, анын кынтыксыз сактоо, бөөдө кырсыктын кеспеттери жөнүндө атайын берүүлөрдү, бул туурасында кең-кесири  баяндаган чоң-кичине материалдарды гезиттерге жана сайттарга байма-бай жарыяласак, ошондо гана кырсыктардын саны кескин түрдө азайаарына мен бөркүмдөй ишенем!

 

Не демекчибиз. Ар бир окуучу мектепке аман барып, эсен кайтсын! Анткени, сактанганды Кудай деле сактайт эмеспи. Эң башкысы: жол эрежесин таптакыр бузбаганга ыктаганды үйрөнөлүчү...

 

 

 

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы, Булак: “Майдан. kg” гезити