Кыргызстандын түштүк башкалаасынын тээ чет жакасында Ош Клиникасы ачылганына мына жыл айланды. Ошого карабастан бул медициналык мекемеден эртели-кеч адам аягы үзүлбөйт. Мунун сыры эмнеде? Кабарчыбыз жеринде дыкаат  сүрүштүрүп кайтты.

           

Абдылла Шакиров Ноокат районундагы Он-Эки-Бел айылынан. Абабыз ага жергиликтүү доктурлар туура эмес диагноз койгондугуна абдан нааразы экендигин жашырган жок.

 

- Элеттеги доктурлар “Ашказаныңыз соо эмес!” деп жүрөгүмдү чындап эле түшүрүшкөн. Мен бечара  буга өлө ишенипмин. Түштүк борборундагы Ош Клиникасына атайын келип, УЗИге түшсөм, өт менен бөйрөгүмдө дарт бардыгын создуктурбастан эле аныкташты. Анан дароо эле жаткырышты. Медайымдардын кароосу абдан жакшы. Мага баары тең атасындай мамиле кылышат. Тим эле оңуп калбадымбы, балам!- деп агынан жарылды Абдылла Шакиров.

 

Эдия Газ кызы 93 жашта. Капельницада жаткан жеринен кепке тарттык.

 

- Бутум такыр чыдатпай какшатып, Клиникага өтө оор акыбалда түшкөн элем, - деди Эдия Газ кызы. – Азыр көрдүңүздөр го, кадимкидей эсиме келип, кичине киши дагы таанып калдым, эй! Анткени, менин баамымда, бул Ош Клиникасында жалаң иштин көзүн билгендер гана эмгектенишет экен. Диагнозду дагы туптуура коюп, керектүү дары-дармектер менен өздөрү эле үзгүлтүксүз камсыз этип турушат.

 

Элиза Каратаева Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан түшүптүр.

 

- Ашказаным, бөйгөгүм, башым, койчу деги бүт жерим эле ооручу. Буерге айлам таптакыр куругунда гана алып келишти,- дейт Элиза Каратаева. – Жалаң дасыккан дарыгерлер иштешет экен. Диагнозду койгондо эч адашышкан жок! Азыр булардын талабын так аткарып, күндөн күнгө оңолуп баратам.

 

68 жаштагы Асылбек Абдырахманов улгайганда жүрөк дартына кабылыптыр.

 

- Күн өткөн сайын жүрөгүмдүн кагышы улум нугуна түшүп баратат, - деп кубандырды Асылбек аба Абдырахманов. – Клиниканын жетекчиси, дарыгерлери жана медайымдары бүт бизди эң эле мыкты карап жатышат. Ал эми Клиниканын жетекчиси Камчыбек Исабаев эч бой көтөрбөгөн жигит экен.  Саарлап эле өзү баштап ар бир палатага зерикпестен баш багып, саламатчылыгыбызды күн сайын бир-бирден сураштырып турат.

 

Буга бейтап Имият Боронов дагы дароо эле кошулду.

 

- Күн сайын үч маал моминтин массаж жана көнүгүү жасаганга бекем ыктадык,- деп кепке аралашты бейтап Имият Боронов. – Медайымдар артыбыздан кууп жүрүп дарыларыбызды ичирип, а уколдорубузду убагында гана сайып турушат. Ошого жараша Клиниканын тамак-ашы дагы абдан жакшы, анан жегиликтүү. Ар бир палатада сыналгы, үналгы жана муздаткыч бар. Тим эле үй үбүздөгүдөн беш бетер шарт жаратышкан. Палаталарда сыналгы көрүп, үналгы тыңшап, эч зерикпестен тим эле оңуп эле калдык.

 

Ош Клиникасынын – медициналык мекемесинин жетекчиси Камчыбек ИСАБАЕВ 1989-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун (азыркы Медицина Академиясынын) дарылоо факультетин бүтүргөн. Ошондон бери Ош шаардык жана Ош облустук ооруканаларында үзгүлтүксүз эмгектенип, жетишээрлик таржыйба топтогон.

 

- Биринчиден, биздин элибиз мурдагы жылдарга салыштырганда  өздөрүнүн саламатчылыгына абдан эле дыкаат карап калышты. Себеби, аң-сезимдери өспөдүбү. Ошого жараша өздөрүнүн ден соолугуна  дагы камкордукту ыраса күчөтүштү. Экинчиден, заман зарылчылыгына жараша медициналык Борборлор жана Клиникалар дагы улам арбыды. Албетте, бул – жакшы жышаан. Анткени, атаандаштык бар жерде сөзсүз тейлөөнүн сапаты дагы кыйла жакшырат. Буга улай медициналык мекемелер деле бара-бара өнүгүү гана жолуна түшөт. Үчүнчүдөн, сыркоолордун дарыгерлерди тандоосуна дагы мыкты шаттар жаралып жатпайбы.

 

Канткен күндө дагы Жер бетинде адам жашап турганда  медицинага муктаждык дегеле жоюлбай эмеспи. Андыктан, ак халатчандарыбызга ириде кесипкөйлүк жана айкөлдүк гана тилемекчибиз.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити