Өткөн август айында “Ош шамы” гезитинин кабарчысы Уулбү Каныбекованын “Ош” пансионатынын жерлери сатылды, эми кезек турбазадабы?” деген аталышта макаласы жарык көрдү. Макалада “Ош” пансионатынын жерлерин жең ичинен сатуу аракеттери, эми минтип элге кызмат кылгандын ордуна ар тарабынан талкаланып, бүгүнкүдөй кейиштүү абалга келип калганы боюнча менин да пикирим орун алган.
Кызыгы, профсоюздардын Ош областтык Кеңешинин төрагасы Тайлакбай Мусаевдин “Профсоюздун менчигине мамлекет кол салганга акысы жок, Уставга ылайык областтык профсоюзда 20-30 жылдан ашык иштеген 20 кишиге, “Ош” пансионатында 15 жылдан ашык иштеген 12 адамга жер тилкелери сатылган, мисалы 42 жыл бизде катчы болуп отурган келин да сатып алган. Учурунда мурдагы мэр М.Мырзакматов да “резиденцияга ылайыктуу жер экен” деп шаарга тартып алуунун аракетин кылган. Турбазаны да сатабыз, 20 жылдан бери пайдаланылбай кытайларга ижарага берилген, аны сатып, же ижарага алам дегендер болсо берет элек, биздин кызматкерлерге сатылган 2 га ИЖСке которулду, дагы 4 га жерди да ИЖСке которууга чечим кабыл алдык. Оштун мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев менен КПФнын төрагасы Мирбек Асанакунов жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча мемарандум кабыл алышкан, ага ылайык пансионаттын 1 га жер аянты мэрияга социалдык объект курганга бергенге макул болдук”- деп интервью бериптир.
Биз 12-сентябрь күнү ОшМУнун профсоюз комитетинин кезектеги жыйынын өткөрүп, анда күн тартибиндеги негизги эки маселеден сырткары ар түрдүү маселелердин катарында “Ош шамы” гезитинде жарыяланган макала боюнча пикирлер талкууга алынган. Көп жылдардан бери ОшоблСовпроф тарабынан аталган пансионаттын гектарлаган аянттагы жерлери жең ичинен кызыл кулактык менен сатылып келаткандыгы туурасында көп эле айтылып келаткандыгы, бирок укук органдарынын тергөөлөрү жана соттук териштирүүлөр коомчулукка ачыкталбай, анан да дегеле бүтпөчүдөй болуп, демек мында коррупциялык мандем барбы деген суроолорду жаратып келүүдө. Андыктан, ОшМУнун профкому тарабынан Ош шаарынын бийликтерине, укук коргоо органдарына жана тийиштүү тараптарга бул маселе боюнча атайын кайрылуу жасоо жөнүндө чечим кабыл алганбыз.
Макалада Т.Мусаевдин берген интервьюсундагы айтылгандар боюнча төмөндөгүлөрдү белгилеп кетким келет: Биринчиден, профсоюздун менчигине мамлекет кол салган жок, тескерисинче элдик, коомдук мүлккө профсоюз чиновниктери өздөрү кол салышты. Кыргыз Республикасынын “Профсоюздар жөнүндөгү Мыйзамында” мамлекеттик органдар профсоюз ишмердигине кийлигишпейт деген түшүнүктү мындай саясый чайкоочулук катары колдонуу туура эмес. Анан да профсоюз чоңдору өздөрү эле мүлктү каалагандай сатып, менчиктештирип, же бөлүштүрүп алат деген норма да жок. Мындай олуттуу маселелер профсоюздардын кеңейтилген Президиумунда, Пленумунда, Конференциясында, съездинде каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынышы керек. Экинчиден, профсоюзда 15-20-30 жыл иштеген кызматкерге (профбоссторго) жер тилкеси берилээри Уставда каралган эмес. Анан да, 42 жыл иштеген келин деп айткан катчысы ишке келгенде жок дегенде 20 жашта болгон болсо, азыр 62 жашка келсе да аны “келин” дегени, бери дегенде эле ачык афера (анын атынан акча төлөп участокту өздөрүнө алышкан). “Өзү жоктун көзү жок” деп эле “М.Мырзакматов да резиденцияга ылайыктуу жер экен деп шаарга тартып алуунун аракетин кылган”- дегени карандай калп. Ошол 2012-жылы Ошто мэр болуп турган Мелис Мырзакматов менен Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын ал кездеги төрагасы Асылбек Токтогуловдун “Ош” пансионатын кантип иштетүүнү талкуулаган жолугушуусуна чакырса да Т.Мусаев өзү даап кире албай койгондугун көпчүлүк билебиз го!
Үчүнчүдөн, “турбазаны да сатабыз, 20 жылдан бери пайдаланылбай кытайларга ижарага берилген, аны сатып, же ижарага алам дегендер болсо берет элек”- деп отурат. Турбазанын ошондой акыбалга келгенин, анын артынан “Ош” пансионатынын жоголуп баратканын эми билиптирби (?) деген суроо туулат. Кытай ижара үчүн төлөгөн акчалар, ал турбазанын бир тарабын белгилүү (Санжар, Канжар) Кадыралиевдердин, ОшоблСовпрофтун 5 кабаттуу имаратындагы бир канча кабинеттер менен кааналарды, "Лас Вегас", "Золотой Дракон" ресторандарын ижарага алып иштетип жаткандан түшкөн акчалардын канча өлчөмдө, кайда түшүп жаткандыгын эч бир жан билбейт. Ал эми “Ош” пансионатын заман талабына ылайык иштетели деп ОшМУнун ректору Каныбек Исаков менен КПФнын (2016-ж. Атамбаевдик бийлик кызматынан кетирген) мурдагы төрагасы Жанадыл Абдырахманов сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө Т.Мусаев агайыбыз “Бир жараса ушул ОшМУ эле жарайт, булардын мүмкүнчүлүгү чоң” деп кол чаап алардын жанында турганын унутуп, бүгүн эми сырттан эмес, ичтен эле инвестордук сунуш айтып келатканыбызды уккусу келбей, Теңирден тескери кетип жаткандыгынын себеби эмнеде? Анан да 2017-жылдын ноябрь айында өткөрүлгөн билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Ош областтык конференциясында делегаттардын бир добуштан “Ош” пансионатынын ишин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн аны Ош мамлекеттик университетине ижара шартында берүүнү сунуштаган чечими да чыккандыгын билмексен болуп отурганы туура эмес деп ойлойбуз.
Төртүнчүдөн, Т.Мусаев мурдун балта кеспей туруп эле, “биздин кызматкерлерге сатылган 2 га ИЖСке которулду, дагы 4 га жерди да ИЖСке которууга чечим кабыл алдык, Оштун мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев менен КПФнын төрагасы Мирбек Асанакунов жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча мемарандум кабыл алышкан, ага ылайык шаарга пансионаттын 50 сотыхтан 1 га чейин жерин берүүгө менчик ээси (КПФ) макул болдук”- дегени, жумшак айтканда эң эле “таң калыштуу”. Анткени төрагаларга профсоюздун мүлкүн жеке өздөрү каалагандай бөлүштүрө, пайдалана, же сата бергенге эч кандай укуктары жок. Мындай чечимдерди кабыл алууга атайын жыйындар өткөрүлүп, маселе ачык-айкын добушка коюлушу, профсоюз мүчөлөрүнө жеткирилиши, ММКлар аркылуу коомчулук билиши керек! Бирок, өлкөнүн эң чоң профбоссу болуп келген соң, канча чакырсак да элдин алдына келбеген М.Асанакунов мэр менен мындай коррупциялык келишим түзгөнгө бекинип келип-кеткени кандай?
Бешинчиден, ошол 32 адамга жер берилиши керек деп тыянак чыгарган комиссиянын 11 мүчөсү толугу менен өздөрү да участок алышканы, жер тилкелерин сатуудан профсоюзга 3 200 000 сом түшүүсү керек болсо, болгону 2 600 000 сом гана кириш болгону, 33-участок (?) кайдан пайда болуп, кимге тартуу болгону табышмак бойдон калып келаткандыгынын өзү мыйзам бузуу жана кызмат абалынан пайдалануу, шалаакылык, атайылап зыян келтирүү, ишенип берилген коомдук мүлктү ачыктан-ачык уурдоо, талкалоо, талап-тоноо жана бүлүндүрүү, мунун баары кылмыш эмей эмне? Же, биздин профбосстор мамлекеттик органдар “мурдун тыга албайт” деп эле билгенин жасай беришсе болот деп ойлошобу?
“Ош” пансионатынын ушундай тагдыры туурасында Оштогу ЖОЖдордун профсоюз комитеттери өз учурунда Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов, А.Кадырбаев), депутаттардын Ош шаардык кеңешине (У.Пиримов, Ж.Ормонов), областтык УКМК башкармалыгына да кайрылып, ушул күнгө чейин маселе жабык бойдон “быкшып эле келатканы” болбосо, оңдуу чечимдер кабыл алынган эмес.
Жыйынтыктап айтканда, бул маселеде кызыкдар болгон тараптардын, көптөгөн профсоюз мүчөлөрүнүн жана коомчулуктун алдында ачык-айкын чечилиши үчүн биз кайрадан расмий түрдө Ош шаардык мэриясына жана тийиштүү органдарга кайрылып, профсоюз ээлик кылган мүлктөр алардын чыныгы ээси болгон элге гана таандык болгондуктан, жогорудагыдай кылмыштуу аракеттерге бөгөт коюулушун талап кылууну туура көрүп турабыз.
Абдижапар Аккулов,
ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы,
география илимдеринин кандидаты, доцент
Булак: “Майдан. kg” гезити