Кыргызстанда 11 абамайдан бар, анын жетөөсү жергиликтүүлөр. Бирок, учактар жок. Өлкөдө 17 учагы бар 23 авиакомпания каттоодон өткөн. Бирок, иш жүзүндө 3-4 компания гана иштеп жатат, аларга болгону 7 учак таандык.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айтмамат Назаров билдирди.
"Күн сайын ар кандай окуялар болуп турат. Акыркы убакта ички абакаттамдардын саны кыскарды, а билетке болгон баа жогорулады. Биз Евросоюздун кара тизмесинен чыгууга аракеттенип жатабыз, ал үчүн ИКАОнун сунушун аткарышыбыз керек. Бирок, учактар болбосо аны кантип аткарабыз? Учактарды сатып алууга акча бөлүшүбүз керек да. Биз өзүбүздүн компанияларга жардам беришибиз керек. Адиятер 20 миллион долларга 4-5 учак сатып алууга болоорун айтышууда", - деген депутат бул маселени чечүүнү сунуш кылды.