Кыргызстанда 2018-жылдын 9 айында жол кырсыгынан 458 адам көз жумуп, анын 62си наристелер болгон. Жалпысынан бул айлар аралыгында өлкө аймагында 5 118 жол кырсыгы катталган. 

 

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү Марс Тентиев маалымат жыйынында билдирди. 

 

Айтымында, 4 миң 710 жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан. Бул убакыт аралыгында алты миңден ашуун адам ар кандай жарааттарды алышкан. 

 

 

977 жол кырсыгында балдар да катышкан. Алардын арасынан миңдейи жараат алышса, 62 бала көз жумган.