Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматы кымбат баалуу автоунааларды Кыргызстанга контрабандалык жол менен алып келүү боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында, дагы бир жүк ташуучу автоунааны Жалал-Абад облусунан тапты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, XLER6X тенти менен SCANIA R420 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа кармалды. Автоунааны кайтарып алуу үчүн ээси бардык бажы төлөмдөрүн - 1 миллион 133 миң 255 сомду төлөгөн.
Учурда контрабанда фактысы менен 120 кымбат баалуу автоунаа камакта турат. Финполиция мындай автоунаалардын саны мындан да көп болушу керектигин айтат.