Икрамжан Илмиянов УКМКнын абагында жалгыз камерага которулду. Бул тууралуу коопсуздук комитетинен билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, кыйноолордун алдын алуу Улуттук борборунун өкүлдөрү менен жолугушкандан кийин экс-президенттин мурдагы кеңешчиси УКМКнын жетекчилигинен өзүн жалгыз камерага которууну суранган. Анын өтүнүчү канааттандырылган. 

 

Икрамжан Илмиянов жакында чет өлкөдөн кармалып, Кыргызстанга алынып келинген. УКМК анын тергөө менен жигердүү кызматташып жатканын маалымдаган.