“Оюндан от чыгат” болуп, 28-октябрь – жекшемби күнү Бишкектеги студенттердин кечесиндеги мушташ адам өлүмү менен аяктады.  Ошол күнү саат 01:30 чамасында Октябрь РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө түнкү клубда мушташ чыкканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, эс-учун жоготуп жаткан адамды табышкан. Тилекке каршы жабырлануучу тез жардам унаасында ооруканага жетпей көз жумган. Ал 2000-жылы туулган Б.А. экени такталды. Бул окуяга күнөөлүү катары эки адам кармалды. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө түнкү клубдагы жигиттер кайым айтышып, андан кийин мушташ чыккандыгы аныкталды. Маалыматка ылайык, ошол күнү борборубуздагы жогорку окуу жайынын биринин студенттери 1-курска кабыл алуу салтанатын уюштурушкан экен. Бирок майрамдын уландысы түнкүсүн түнкү клубда уланып, эмоциясын башкара албаган жаштар атың өчкүр арактан сеп этишип, бири-биринин сөзүн көтөрө албай, мушташып кетишкен. Эгерде ата-энелер менен окуу жайдын жетекчилиги студенттердин 1-курска кабыл алынышын күндүз эле белгилөө менен чектелишип, түнкү майрамга тыюу салышканда, бөөдө жаш өмүр кыйылбайт беле? Дегеле бул окуя Бишкек шаарында түнкү клубдардын ишине тыюу салуу зарылчылыгын жаратып жаткан жокпу? Анткени жаштарыбыз ата-энесинин акчасын бөөдө ысырап кылгандан тышкары спирт ичимдигин ичишип, моралдык жактан бузулуп жана бири-бирин сабап, өлтүрүп койгонго чейин барышууда!

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити