Түркияда “окуучу кызга жыныстык ыдык көрсөткөн”- деп айыпталган кыргызстандык 56 жаштагы мугалим 12 жылга эркинен ажыратылганын түрк басылмалары жазып чыгышты. Ал 13 жаштагы cекелекке “жыныстык ыдык көрсөттү”- деп, Түркиянын Жаза кодексинин 103-беренеси (“Балдарды жыныстык жактан кордоо”) боюнча күнөөлүү деп табылган. Анталия шаарына караштуу Манавгат райондук №1 кылмыш-жаза соту теги кыргызстандык жаранга каршы ачылган доо боюнча ишти 27-октябрда карап, акыркы чечим чыгарган. Окуя быйыл апрель айында Манавгат шаарчасында болгону, сабакта мугалим окуучу кыздын бутун кармалаганы айтылган. Бирок ал сотто өзүнө коюлган дооматка макул болгон эмес: “Мен 25 жылдан бери пианинодон сабак берем. Мен кыянаттык кылып окуучумдун буттарын кармалаган эмесмин, педалды бассын дегем. Бул сабактын бир ыкмасы”,- деп актанган мугалим сотто. Ал 15 жылдан бери Анталиянын Манавгат шаарчасында жеке менчик музыка мектебинде пианино мугалими болуп иштечү экен. Боордош элде окуучу кызынын бутун кармалап койгон үчүн эле 12 жылга соттолсо, анда булардын аялзатынын укугун коргогон мыйзамдары өтө күчтүү го? Бирок учурда Түркияда окуп, иштеп жүргөн кыргыз келин, кыздары жергиликтүү эркектер тарабынан укугу кордолгондон тышкары зордукталган, сабалган учурлар деле катталып жаткандыгы сейрек көрүнүш эмес. Ал тургай никесиз жашап, балалуу болгондон кийин көчөдө калган кыргыз кыздары да толтура. Эмнегедир мындай көрүнүштөр үчүн жоопко тартылган учурларды укпай, көрбөй келебиз. Сыягы, Түркиянын мыйзамдары деле өздөрү үчүн иштеп, мигранттарга иштебей калат окшойт. Албетте, биздин элчилик жарандарыбыздын укугун коргобогондугу үчүн.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити