“Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба”,- демекчи, кээде биздин молдокелер Кудайга эле эмес, мыйзамга да жакпаган иштерди жасап жиберишет. Мисалы, өткөн дем алыш күндөрү Ош облустук милициясы Өзгөндүн Жылалды айылында имам баңгизат менен кармалганын жар салды. Анда милиция айылдын 37 жаштагы тургунунун жанынан 37,6 грамм марихуана табылганын кабарлаган болчу. Бирок бул жуманын дүйшөмбү күнү Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы “Өзгөндө баңгизат менен кармалган адам айылдык имам болчу”- деген маалыматты төгүнгө чыгарды. Муфтияттын маалымат кызматынын билдирүүсүндө, кармалган адам эч качан имам болуп иштеген эмес жана райондук казыят менен да эч кандай байланышы жок экен. “Биз Өзгөн райондук хатибиятынан жана башка бардык түзүмдөрдөн тактадык. Баңгизатты алып жүргөн деп кармалган адам эч качан имам болуп иштеген эмес”,- деди диний башкармалыктын маалымат катчысы М.Атабаев. Бирок мындай маалыматка ИИМдин пресс кызматы эч кандай каршы пикир билдирген жок. Иншалла, ошондой эле болсун дейли. Бирок оштуктар айтмакчы, анда молдокелердин аппак селдесине чок ыргытып ойногон милициянын билдирүүсү кандай болуп калат? Эгер калп билдирүү тараткан болсо, бүтүндөй дин кызматкерлеринин аброюна шек келтиргендиги үчүн мыйзам алдында да, Кудай алдында да жооп бериш керек болуп калат го. Айтор ортодо эле карапайым калк кимге ишенерин билбей башы маң болуп калууда.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити