Бишкектеги Mansion тункү клубундагы мушташта каза тапкан студенттин өлүмүнө шектүүлөр абакка киргизилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, шектүүлөрдүн бири эрезеге жете элек болгондуктан Вознесеновка айылындагы өспүрүмдөр колониясынын аймагында жайгашкан изоляторго жиберилди. 

 

Эске салсак, 28-октябрда 18 жаштагы студент 17 жана 18 жаштагы эки уландын токмогунан каза тапкан. Шектүүлөр капысынан өлтүрүп алышканын айтышкан. Алгач кайым айтыша кетишип, ал мушташка айланган.