Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан баңгизатын мыйзамсыз жүргүзүлүшүнө бөгөт коюуга багытталган атайын иш-чара ийгиликтүү жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлерине азият улутундагы 20-25 жаштар чамасындагы жаран унааны баңгизатына алмаштырууну көздөп жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.
Алынган маалыматтын негизинде ИИМдин БМЖКККнын ыкчам иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн ыкчам иш- чаралардын натыйжасында 2018-жылдын 23-октябрында Чүй облусунун Аламүдүн районунда «Тойота» үлгүсүндөгү автоунааны «гашиш» баңги каражатына алмаштыруу учурунда Жалал-Абад облусунун 1997-жылы туулган М.Т. аттуу кармалып, ал кызматкерлерге скотчтолгон каражатты өз ыктыяры менен тапшырган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жпза кодексинин 247-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Экспертиза көрсөткөндөй жалпы салмагы 718 граммды түзгөн зат гашиш баӊгизаты болуп чыккан. Жогорудагы кылмышка тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.