Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Астана шаарында 2017-жылдын 9-июнунда кабыл алынган Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Аталган келишим экстремизм менен күрөшүү жаатындагы учурдагы чакырыктар менен коркунучтарга каршы натыйжалуу аракеттенүүгө жол ачат. Мындай конвенция Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңеши тарабынан кабыл алынган.

 

Конвенция Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ыкчам иликтөө, тергөө сындуу иш-аракеттердин алкагында алдын алуу, экстремизмге биргеликте каршы аракеттенүү, укуктук жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү өз ара механизмдерин түзүп, экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы тараптардын мыйзамдарын өз ара шайкеш келтирүүгө жол ачат.

 

Белгилей кетсек, Кыргызстан терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча 3 эл аралык конвенцияга кошулган. УКМК менен ИИМдин маалыматына караганда, ушу тапта Кыргызстанда 43 адам терроризм жана экстремизм беренелери боюнча жазасын өтөп жатса, 36 чет мамлекеттик жаран өлкө аймагынан чыгарылган. Ал эми интернет аркылуу экстремисттик маалыматтарды тараткан 16 веб-сайт жабылды. Мыйзамда экстремисттик аракеттер үчүн 3 жылдан 5 чейинки жаза мөөнөтү каралган.