Эмгек кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө билим берүү уюмдарынын жетекчилери 65 жашка чыкканда алар менен түзүлгөн келишимди токтотуу каралган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде каралды. 

 

КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.Жусупбекованын баяндашынча, азыркы учурда мамлекеттик жана муниципиалдык билим берүү уюмдарынын 55 жетекчиси 65 жашка чыккан. Ошол эле мезгилде алар педагогикалык кызматкер катары таанылышат.

 

Жаш курагы 65 жашка келген мектеп директорлору кызмат ордун бошотуп берген соң, кааласа насаатчы катары иш алып бара алары айтылды. Депутаттар эгер ал ишке ашса, акы төлөнбөгөн коомдук башталыштагы жумуш катары таанылар – таанылбасын такташты.

 

Талкуу жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөрдүн концепциясы жактырылып, аны биринчи окууда кабыл алуу жагы Жогорку Кеңешке сунушталды.