Борбордук шайлоо комиссиясы дагы деле Аскарбек Шадиевди депутаттык мандатынан ажырата элек. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов маалымат берди.
"Депутаттын жыйындарды калтырганы боюнча даталары белгиленген документ Жогорку Кеңештен бизге келе элек. Регламент боюнча эл өкүлдөрүнүн катышуусун конституциялык мыйзамдуулук комитети жүргүзүшү керек. Эгер депутат маанилүү себепсиз 30 күн жыйынга катышпаса, анда комитет анын мандатынан ажыратуу маселесин караганга укуктуу. Ага тийиштүү документтерди бизге жөнөтөт", - дейт Бегматов.
Аскарбек Шадиевге үч кылмыш иши козголгон. Ал Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. Учурда издөөдө.