Бишкекте 27-октябрдан 28-октябрга караган Mansion түнкү клубунда мушташ чыккан. Анын кесепетинен жогорку окуу жайларынын биринде билим алып жаткан 18 жаштагы студент көз жумду.
Укук коргоо кызматынан билдиришкендей, студенттер ал жерде 1-курстарга арналган датаны белгилеп жатышкан. Каза тапкан жигиттин да, анын өлүмүнө шектелип жаткан эки жигиттин да жаш курагы тең - 18 жашта. Жаштар ичимдик ичип, кайым айтыша кетишкен да, ал мушташка айланган. Эки жигит бир жигитти сабап жатышканда, маркум жыгылып кетип, башы менен тепкичке тийген. Учурда шектүүлөр камакка алынышты. Алардын канынан алкоголь табылган.