Инстаграмга yanakr_ ники менен катталган Бишкек шаарынын жашоочусу мышыкты кир жуугуч автоматка салып жуунткан да, аны видеого тартып алып, соцтармакка жарыялаган. Бул колдонуучулардын катуу сын - пикирин жаратты. 

 

 

Мындай "укмуштуу" ыкманы ойлоп тапкан колдонуучунун баракчасынан анын модель экенин, моделдердин мектебин аяктаганын билүүгө болот. Ошондой эле "Мен реализмди тааныбайм, мен магияны колдойм" деген ураан чапталган. 

 

Анын үй жаныбарына аеосуз мамилеси соцтармактын колдонуучуларынын кыжырын жаратты. Кызга ар кандай пикирлер айтылып, ал турмак коркутуп -үркүтүүлөр да айтылды. 

 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасагандарды жазага тартуучу мыйзам жок.