Соцтармактагы барачасына Бишкек шаарынын Тимур Анваров аттуу тургуну билдирүү калтырды. Анда ал Бишкектеги айрым эт цехтеринде эшектин эти уй эти сыяктанып сатылып жатканын билдирген. Ал ал турмак кайсы цех экенин да ачыктаган. Айтымында, Саратов көчөсүндө жайгашкан цех ушундай көз боемочулукка барууда.
Колдонуучу тийиштүү көзөмөл органдарына кайрылып, эгер бул ишти иликтөөгө алабыз дешсе, дагы кенен маалымат берип, кайда экенин көрсөтөөрүн да белгилеген. Ал цехтин кожойкени Николаева Любовь Андреевна аттуу жеке ишкер экенин жарыялады.
Ал эми Бишкек ШИИБи бул билдирүүнү учурда иликтөөгө алып жатышканын билдиришти.