Экс-президент Алмазбек Атамбаев Россиядан кечээ, 28-октябрда кайтып келди. КСДП тараткан маалыматка караганда, ал азиялык партиялардын Эл аралык конференциясынын Х Башкы Ассамблеясына катышты. Андан тышкары, бир нече жолугушууларды өзүнүн жеке иштери үчүн өткөргөн. Бирок, КСДП ал кимдер менен жолугушканын ачык жарыялаган жок.