Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-октябрда Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түркия Республикасынын негизделгенин 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышуу үчүн Стамбул шаарына учуп кетти.

 

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

 

Сооронбай Жээнбеков башка Мамлекет башчылары менен бирге Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун ачылыш аземине да катышат.