Бектуруш досту акын катары 1985-жылы басмадан чыккан “Үчүнчү коңгуроодон кийин...” аталыштагы жупкадай китеби аркылуу таанып билип келсем, өзү менен мындан туура он эки жыл илгери декабрь айынын тогузунда кол алышып, көрүшкөнүбүз көз алдымда турат. Үйдө беймарал отурсам эле Эрнис Асек уулу экөө кирип келишти. Ошол күндөн тарта ар дайым бири-бирибизди издешип, кездешип, баарлашкан ынак жолдошпуз.

 

Сөздү келте айтканда, Бектурушту катардагы калың топ акындардан өзгөчөлөнгөн, айырмалай тургандагы сыпаттагы тажрыйбага ээ таланттуу акын, күйүмдүү жана өзгөрүлбөс мүнөздөгү жолдош катары баалайм. Жана да ал дайыма кыймылдагы, бир жерге имерилип токтоп калганды жактырбаган, өзүнө да, өзгөгө да сын көз менен караганды адат кылган, көз карашын түз жана ачык, шар айтканга батымдуу, жаңычыл, жигердүү акын.

 

Бектуруш көп жолдорду басты. Дорбосун асынган дербиштей дайыма баскандан тажабайт. А балким экөөбүздүн тагдырыбыз, ыкластуу мамилебиз ошол кыймылдуу жолдордо кездешет, түгөнбөс кызыктуу аңгемелер ыргактуу уланып келет... Эгемендикке ээ болгону элдин көбү соодага баш урган береги башаламан доор келип, Бектуруш да комерсант, челнокчу атка конуп  жер кезди, болгондо да улуу Россиянын узун туурасын дээрлик он чакты жылдар арбын армансыз аралады. Мына ошол улуу Жараткандын ыктыярындагы жашоого, үй-бүлө камкордугуна багытталган белгилүү да, белгисиз да аргасыз сапарлар, андагы турмуш, окуя, кездешүү, өкүнүч жана кубаныч... энеден ыр жандуу, көркөм дүйнөгө, рух чабытына жөндөмдүү жаралган, кезинде кыргыз поэзиясы айдыңында аты кыйла дайын Бектуруш акынды андан арыга жетелеп, салыштыра айтканда бүгүнкү күнү тамырын кыртышка житире жайган байтүп дарактай деңгээлге жеткирди, деп образдуу айтсак жарашат.

 

Кезинде Табалдиев, ал эми кийинчерээк Салгамани деген адабий фамилиядагы акындын тек-жайы улуу “Манас” тарыхый дастанында айтылган кыргыздын саналуу уютку урууларынын бири - Каңдылардан. Ошентип Бектуруш Салгамани поэзиядан сырткары да кандаш каңдыларына зор кызмат өтөп келет. Дүйнөгө чачырап кеткен кандаштарынын тарых-таржымалын өзү да жер кезе изилдей жүрүп китеп жазды. “Каңдылдардын курултайы” дегенде эсил СССРдин компартия съездине камынган раистей, дагы да салыштыра айтканда жердин түбү болсо да жөнөп калганын көрөм. Ооба, Бектуруш достун мага жана да жакындыгы ал алакандай кыргыз элин бөлбөй бир бүтүн элдигин сактап калууга, кубанычтан трагедиясы арбын турмушуна, жана кооптуу келечегине күйүп бышат. Акылман Салижан аке Жигитов, “Кыргыз интеллегенциясы кыкка чыккан гүлгө окшош, саал жел жүрсө эле түбүнөн жагымсыз жыт келет”- деп, таамай баа бергендерден эмес, эми эле жалжылдай мамиле жасап отурган үчүнчү адамдын көзү ары караары менен жылжыта шыбап, ушак айткан куураган кыргызбайлыкты жек көрөт.

 

Анан да “койсоңчу...” деген сөздү эшиткиси келбей жүрүп миң ырдан (!) куралган “Алтын арман” жыйнагын жарыялап жибергени да кыргыз поэзиясында жаңылык иш болду. Албетте "кой аксагы менен миң” деген элибиздеги накыл кептин тескерисинче кадимкидей кайгы-муңга чөмүлгөн, а мүмкүн “Жетпегенин чын сүйүү деп, арман кылат алсыздар...” деп мен кембагал жазгандай жетпей калгандын күйүтү күчтүүдүр ... Жыйнакта жашыл айдыңдай жаш курактан таза сакталып калган сезимдерден булактап чыккан ыр циклдерден айжаркын саптарды, классикалык шиңгилдерди жолуктурасың.

 

Бектуруш туулуп өскөн Ноокат жергесине кийинчерээк сапар алып аралап көрсөм да бу берекеси менен, мээрман адамдары менен  кучак жайып тосуп алаар куттуу аймак тээ бала кезден жадыма жакын, жер-суу аттары, адам мүнөз, адат-жоруктары тааныш билиш. Анткен себеби, кыргыз прозасынын кайталангыс классик жазуучусу Мурза Гапаровдун чыгармалары, кийин өзү менен бааралашкандагы ооз эки аңгемелери аркылуу Ноокат жана ноокаттыктар эс-туюм, сезимдерге бекем орун алган эле. Акыйкатта Бектуруш дос менен да бир көргөндөн ынак, ыкластуу мамилелеш болуп кеткенибиз ошондон чыгаар...

 

Кандай айткан күндө да азыр биринчи мерте чыгармачылык кечесин мени да кезинде билим-тарбияга каныктырган кагылайын Ош мамлекеттик универстетинде өткөрүп жатканы абдан кубантат. Калемдеш досума бекем ден соолук, бакубат жашоо жана чыгармачылык эргүү каалайм.

Дүйшөн Керимов

 

ТАҢКЫ ЫР

 

...Мына бул ашыккандар иштерине,

мүлк, мансап үчүн эмес, анан дагы -

бир ууч кыргыз эмес, дүйнө элине

бүтүндөй кереги бар, адал, жаңы,

 

билбеген буга дейре эч бир пенде,

бир дагы кол тийбеген - асыл, ыйык

жаңылыкты ачканы ушул кезде

жабыла жөнөшкөндөй ашыгышып...

 

Досторум, сырдаштарым бар жанында,

дамаамат колдоп, туура жол көрсөткөн.

Ырасы бардыр балким, кастарым да -

- Ыцгайы келсе жайлап койсок! - дешкен,

 

Алар.., жо-ок, азыр душман десем эрте,

аңдабай жүрөбүз бир-бирибизди.

Ак ниет доско айланып келечекте,

алдыга сүрөбүз бар ишибизди.

 

Болгону - жүрөгүнө мен да алардын

баруучу, жетчү жолду жүрөм таппай...

...Дилинде жашаш учун башкалардын,

таптаза болуум керек ушул таңдай.

Ош

..Арзан сатып өкмөт берген тамдарьн,
артып, жүктөп сенде жүрүп тапканын,
 миң тогуз жүз токсонунчу жылда,Ош,

коога чыкса көрдүм көптүн качканын,

 

Ошолор да кыргызбы, зркекпн, адамбы?

Ошолор - нак нанкөр, саткын, каракчы!

Пайгамбарлар, падышалар сыйынган

 Сулайман тоон, тузуң урсун аларды!

 

Ош! Бир кыргыз кемип калат деп сенден!-

оор чакта да жүрөм таштап кетпестен.

Чапанындай ичи кара жандарга,

допусундай ичинде ала барларга

өлсөм өлөм, асти сени бербейм мен.

 

Ош! Тынч турсан болобуз тынч, соо да, аман!

Ош! Эгерде чыкса сенде коогалаң,

коргош үчүн келебнз биз тоо, түздөн,

курал алып - улоо, атчан, жөө-жалаң...

 

Жараат, кандан жатпаш учун онтолоп,

жол койбойлу. жанбаш керек Оштон от.

Ош - биздики, бербейбиз аны эч кимге,

Ош жок болсо, Кыргызстан жок болот.

 

КАРКЫРА ЖАЙЛООСУНДАГЫ ТАҢ

Магдыроодо эч жеркнде кири жок,

мотурайган ак козудай момун таң.

Алачыктай болгон ажаан ит үрөт,

 аңчыларды көрүп - чыккан коңулдан.

 

Өйдө жагы жалама зоо, асты - жар,

өзөн- "жылт" деп жаткан узун жубалдыз.

Сөздөрүнүн жарымы суу – аңчылар

 сиркелери суу көтөрбей турат суз.

 

Бүгүн түндөп тоодо калып аң уулап,

баары капа - бир да кийик туш келбей.

Чыгыш жакта бир короо кой кадуулап,

чабан болсо булут айдап жүргөндөй.

 

Байыртадан бери турган кир чалбай,

 баштарына селде оронгон ак кардан,

тоолор көктөн түшүп келе жаткандай...

Келаткандай чабан түшүп асмандан.

 

КАВКАЗ, СЕНДЕ КАЛМАКМЫН

Көрбөгөн да, көргөн да арман кылар, -

Кайра барсам! - деп, келген аңсап турар,

Жаннат эгер бар болсо жер бетинде,

Жаннат анда дал ушул Кавказ чыгар.

 

Жондоруна белестер жолду өңөрүп,

жаркыйт Севан түбүнө тоо чөгөрүп.

 Белим талыйт телмирип аскаларга,

бул тоолорду тургансып мен көтөрүп.

 

Боорлоп зоону кийиктер чубап барат,

 борчук ылдый сымаптай суулар агат.

Чейрек кылым мурунку көрүстөндөн

 чыгып калган сөөктөрдөй муз агарат.

 

Кашкалдактар көлдөргө киринишип,

каштан, сирен жол жээктей тизилишип,

кападарлар - Меккеге баралбаган,

кетсе болор бир келип сыйынышып.

 

-Калсамбы?!-деп кыйылам орто жолдо.

Кеп сагынып, сыздаармын ойлогондо.

Эх, кетпестен калмакмын - жер үстүндө

 эгер Ноокат, Апшыр-Сай болбогондо!..

 

МАГА ЧЫНАР ӨЗҮ САЙРАП ЖАТКАНСЫЙТ

 

Бакы чалдын тегирмени, маңдайда

бар да бою булут чийген бир чынар.

Паанектешип ага конуп сайрашка,

парандалар эмнегедир ынтызар.

 

Бара жатат оттой пушту күн өчүп.

Бал сыяктуу ээрип тулкум, кулагым,

мас адамдай ал чынарга сүйөнүп,

мен куштардын ырын тыңшап турамын.

 

Чабылган чөп жыттанат да туш тарап,

 чымчыктардын кечки ырлары угулат.

 Мага купггар эмей эле, бул дарак

өзү сайрап жаткан өңдүү туюлат...

 

БЕЙТААНЫШ АДАМ ЭСТЕБИ?

 

Биздин үй - жолдон четтеги,

ата, апа, эсиңердеби?

Бир жактан келгем.

Күн - суук, кар.

 Болбоско урушканыңар,

бейтааныш киши келгени?

 

Кум сымал чачып ак карды,

кеч кире добул башталды.

Очокто отун жалбырттап,

ошентсе даты там муздак –

отурдум үнсүз, чарчаңкы.

 

-Калдым бул суукта буюгуп.

Кетсем деп бир аз жылынып!-

бир киши кирип келди эле,

болбогон сымал эчтеме,

алдыңар тосуп жымыйып.

 

Ал сөзмөр экен анан да,

ардемени айтып, заматта

урушуңарды унутуп,

 отурдук күлүп чай ичип,

боркулдап шорпо казанда...

 

...Басылып добул кеч күзгү,

 бейтааныш адамды ал күнкү

 бүгүн да турам эскерип.

-Жылынып кетем! - деп келип,

жылытып кеткен болчу үйдү.

 

АТАНЫН ҮЙҮ

 

...Артка кайтпас балалыгым, жаш курак,

ата, апамдын элестери жаркырап,

ар кез үкөм булгап турган байрактай,

алыстардан бул үй көзгө тартылат.

 

Тери сиңген дубалына атамдын,

 тандырында жыт, колу бар апамдын.

Келин менен үкөм азыр - кожоюн,

карайбыз каш-кабагына алардын.

 

Жүрсөм мында бакыт келип берилеп,

жаманчылык жетпечүдөй сезилет.

Атам, апам, биз чай иччү сөрүнү,

аткананы тиктеп көңүл эзилет...

 

...Кезден сызып ыштаны жок күндөрүм,

конок өңдүү келдим туулган үйгө өзүм.

Үкөмм келин алды, анын уулунун

үйү болот эми бул там, билгеним.

 

Кетип жатып - Мында жатмын!-деп билип,

короо, багын тиктейм тойбой телмирип.

Келем дайым жаштыгымды жетелеп,

кетем кайра балалыгымды ээрчитип...

АПАМА

 

Устуканды тийген тойдон, үлпөттөн,

алып келеек өзүңүз ооз тийбестен,

-Оозансын деп алгач неберелерим!-,

бересиз да бөлүп, кесип бир четтен.

 

Бир күн эле жок болсоңуз капыстан,

беймазабыз бир жактарга барыштан.

Сиз бар кезде ойлобостон балдарды,

сыртка чыксак жүрөбүз да кадыржам.

 

Жамандыкка бир гана сиз кыйбайсыз,

жакшылыкты тилебестен турбайсыз.

Пайгамбардан, падышадан улуксуз,

перилерден, периштеден кымбатсыз.

 

Багымдат, шам, асир, куптан, бешимде

беш маал өмүр тилейсиз эң кеминде.

Бөлүштүрсө сиздеги бар мээримди,

бир да таш боор жан калбас жер бетинде.

 

 

 

 

***

Сумсаят ак жаздыгың,

сылайм, өбөм өзүңдөй.

Жоодурап кеп айтчусуң: -

Жашайбыз деп бөлүнбөй!..

 

Сиңген айтып бүткүсүз

 сагынчыбыз, жытыбыз.

Төгүлгөн көп күлкүбүз,

тамбаган жаш, ыйыбыз.

 

Биз азыр бир жатканда

болуп – кеп иш, керемет,

"кыйч кыйч" этип ак таңга

кирип бармак керебет...

 

Башыбыз бир убакта

Баткан ушул ак жаздык...

 Жашайсың сен узакта, 

жыттайм жытың калгансып.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити