Жогорку Кеӊеште экономика тармактарын жана калкты 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө маселе каралууда. Жыйынга КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

 

Суроо-жооп маалында эл өкүлдөрү быйыл электр кубатынын тарифи өзгөрбөй тургандыгы белгилүү болду. Ошондой эле айрым аймактарда трансформатор, электр мамылары жетишпестиги айтылды. Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиктин өкүлү Шухрат Сабиров айрым ишкерлер көмүрдүн баасын кызыл кулактык кылып көтөрүп жибербеши үчүн байма-бай көзөмөл жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

 

Депутат Айтмамат Назаров “Газпром” ишканасы Кыргызстанда 650 млн АКШ доллары өлчөмүндө жумуштарды аткарууга убада кылгандыгын эске салып, бүгүнкү күндө эмне иштер аткарылып жаткандыгына кызыкты. “КыргызстанГазпром” компаниясынын директорунун орун басары Сабырбек Акимбаев “Кыргызгаздын” болгон карыздарынын баарынан кутулуп бүткөндүгүн, Бишкектин тегерегиндеги 4-5 жаңы конуш, Чүй облусу боюнча 3 жаңы конуш газдаштырылгандыгын, газ түтүктөрү жаңылангандыгын тизмектеди. Айтмамат Назаров Бишкекти тегеректеген жаңы конуштарды газдаштыруу жай жүрүп жаткандыгын сынга алды.