Жогорку Кеӊеште экономика тармактарын жана калкты 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө маселе каралууда. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.
Баяндама жасаган биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкө аймагында кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча атайын штабдар иштеп жатканын, Премьер-министрдин катышуусунда анын 3 көчмө жыйыны өткөнүн билдирди. Анын айтымында, быйыл суу жакшы болуп, 15-октябрга карата Токтогул суу сактагычында 19,1 млрд куб суу топтолду. Быйыл Өзбекстанга 612 млн сомго электр энергиясы сатылган. Ал эми Казакстандын сураганына карабастан, сатууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.
«Январь-август айларынын аралыгында пландуу ремонт иштерине баш-аягы 412 млн сом өлчөмүндө каражат жумшалды. Жылдын биринчи жарымында негизинен сатып алуулар жүрдү, жылдын аягына чейин калган каражат толугу менен оӊдоо жумуштарына жумшалат. Бишкек ЖЭБдин жаӊы химиялык цехтин курулушу 1-октябрга карата бүткөрүлүп, 18-октябрдан тарта ишке киргизилди», - деди Кубатбек Боронов.
Андан тышкары, ушу тапта күз-кыш айларына даярдык алдынала бекитилген графикке ылайык жүрүп жатканы белгилүү болду. Азыркы учурда өлкө аймагында 630 отун базасы иштейт, ал өткөн жылга караганда 37 бирдикке көп.
Быйыл электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт. Азыркы учурда 2019-2023-жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү тариф саясаты иштелип чыгууда. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин башчысы Таалайбек Нурбашев билдирди. «Бишкек ЖЭБ аварияга байланыштуу жана ОЭКти оптималдаштыруу алкагында тарифтик саясатты кайра кароо чарасы кийинкиге калтырылды», - деди ал.