“Кожоюну” А.Атамбаевдин доорунда күркүрөп жашаган И.Илмиянов Россияда кармалып, учурда УКМКнын тергөө абагында экенин жалпы коомчулук билет. Бүгүнкү күндө ал өзүнүн алгачкы көрсөтмөлөрүн берип атканы да белгилүү болду.

 

Мисалы, ал АШАнын алты жылдыгында кимден канча алганын, анын канча пайызын “кожоюнуна” алып барып бергенин, канча пайызын өзү алып калганын божурап айтып берип атат дешет. Анын айтып берип аткандарын уккан тергөөчүлөрдүн айрымдары “ушунча да акча болобу?”- деп таң калганын жашырбай жатышат экен.

 

Баарынан кызыгы, И.Илмиянов учурдагы ЖК депутаты И.Пирматовдун 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин козголгон кылмыш иши кандайча жабылып калганы тууралуу да саймедиреп бериптир. Анын айтымында, ага Алтынбек Сулайманов келген экен, “ушу Пирматовдун ишин “бир балээ” кылып бериңиз”,- деп. Анын “акысы” үчүн Пирматовдон 1 млн доллар алып берген экен. Азырынча анын канча пайызы “кожоюну” АШАнын чөнтөгүнө барганын айталек окшойт.

 

Айтор, Илмиянов көп кызыктардын башын ачып атканын эшиттик. Ушул жерден эми Алтынбек Сулайманов боюнча дагы бир “момент” ачыкка чыгып кетиши мүмкүн. Себеби, Алтыкебиз “чоң муштум” эмеспи, Жогорку Кеңештин депутаты, коллегасы Нурбек Алимбековду мурдагы чакырылышта эки жолу эсин оодара урганы бар. Биринчисинде, саунада эс алып жүрүшүп урган экен, экинчисинде Ак үйдүн лифтинен эмдеп-домдоп коюптур.

 

Ошондо Алтынбек мырзага эки айып коюлушу мүмкүн болуп турат. Биринчисинде, ири паракорчулукка ортомчулук кылганы боюнча, экинчиси “чоң муштумдугу” боюнча. Айтор, Икрам мырза өзүнүн артынан көптөгөн саясатчыларды темир тор артына ала кетет окшоп калды.

 

 

 

“Телегра.ф”.