Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңеште залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу боюнча депутаттар Экмат Байбакбаев, Эмилбек Токтошев демилге көтөрүштү.

 

Депутат Экмат Байбакбаев улуу жазуучу, кыргыздын даңктуу уулу Чыңгыз Айтматов 90 жылдыгы дүйнө жүзүндө белгиленип жаткандыгына токтолуп, Бишкек шаарынын 4 районунун бирине Ч.Айтматовдун ысымын ыйгарууга мезгил келип жеткендигин айтты.

 

Ал эми депутат Эмил Токтошев “Ысык-Көл форуму”, Ч.Айтматов боюнча Жогорку Кеңеште өткөрүлгөн илимий-практикалык конференция тууралуу айтып, бул иш-чараларда кыргыз элинин таланттуу уулу Чыңгыз Айтматовдун ким экендигин калың элге кеңири жеткирилип берилгендигин билдирди. Ошону менен катар депутат Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн – 12-декабрды Чыңгыз Айтматовду угуу күн деп жарыялоо демилгесин көтөрүп чыкты. Эл өкүлү бул күндө Жогорку Кеңешке Айтматов таануучуларды, окумуштууларды, адабиятчыларды чакырып, Айтматов жана анын чыгармалары боюнча угууну адатка айлантуу керек дейт.