2009-жылдан баштап 400дөн ашуу имарат мыйзамсыз жерлерге курулган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сагындык Келдибаев билдирди. 

 

 

“Бул маселеге көңүл буруп, ким күнөөлүү экенин иликтеп чыгышыбыз керек. Анын айынан бир топ жарандар жабыркап жатат. Эч кандай “кызыл китеби” жок эле жерлер сатылып кеткен. Буга ким күнөөлүү – жер сатып алган жаранбы же жер саткан жаранбы же ошол курулушту убагында мыйзамсыз деп токтотуп калбаган мамлекеттик мекемеби?”,- деген эл өкүлү өкмөттөн бул маселени көзөмөлгө алууну өтүндү.

 

Депутат Улан Примов Бишкек шаарында үй курууга үлүш берген жарандар менен үй курган фирмалардын ортосунда абал барган сайын оорлошуп, чыңалууга бараткандыгынан коңгуроо какты. “Өлкөдө үй курууга үлүш кошкондордун укуктарын коргоо боюнча мыйзам жок. Алар кандайдыр бир фирмаларга алданып, орто талаада калып жатышат”,- деген эл өкүлү тармактык комитетке протоколдук тапшырма берүүнү сунуш кылды.

 

Депутат Улукбек Ормонов КР Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондуна кат жазып, түшүнүксүз жооп алгандыгын ортого салды. Ал бул мекеменин мамлекеттик мүлктөрдү кандай башкарып жаткандыгы боюнча маалымат сураган. “Мындай шартта бул маселелерди, айрыкча, Ысык-Көл жээгиндеги пансионаттар, К.Батыровдун мүлктөрү боюнча кандай иштер болуп жаткандыгын парламенттин тармактык комитети карап чыгышы керек”,- дейт депутат.