Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. 

 

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү кызматынан кеткен же бошогон шартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүнүн бош кызматтык ордуна  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жактыруусу менен 5 иш күнүнүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.