Бүгүнкү күндө жол-транспорт кырсыктарындагы адам өлүмү согуштагыдай эле көп катталууда. Ал тургай борбор калаанын тегиз жолдорунда жүрүү өмүргө коркунучтуу болуп калды.  Жакында кайсы бир жеке уюм бишкектик ата-энелерден сурамжылоо жүргүзгөндө алардын көпчүлүгү балдары үчүн биринчи коркунуч катары коомдук транспортто мектепке барып-келүүсүн айтышкан. Себеби айдоочулар өтө орой жана жол эрежелерин сакташпайт. Кашаң өкмөтүбүз видеокамера орноткончо дагы канча кырсыктар болорун бир Кудай гана билбесе, биз айта албайбыз. Ага мисал катары өткөн дем алыш күнү кечке маал "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаевдин белгисиз адамдар тарабынан каттуу сабалып, ошол жерде каза болгондугун айтсак болот. Бишкек ШИИБнин маалыматы боюнча, анын машинеси дагы бир автоунаа менен кагылышып, айдоочулар уруша кетишкен. Жакыпбеков башы менен жерге катуу тийип, алган жараатынан улам ошол жерде каза тапкан. Ал кезде маркумдун аялы машинада болгон. Окуя болгондун эртеси эле бул кылмышка шектүү эки адам кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (“Ден соолукка атайылап оор жаракат келтирүү”) менен кылмыш иши козголуп, шектүү эки адам Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Албетте, аты-жөнү азырынча белгисиз кылмышка шектүүлөр маркумду өлтүрөлү деп ойлошпосо керек. Бирок жарандарыбыздын, айрыкча рулга отурган чоң-кичинелер болор-болбос жагдайдан улам мушташпай, кырсыкты сабырдуулук менен чечип алышса, бир адамдын өмүрү кыйылып, артындагы жубайы жесир, балдары жетим калып, муштумуна ишенген эки эргул түрмөгө түшпөс беле?

 

 

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити