24-октябрь Кыргыз Республикасынын жалпы дипломаттардын кесиптик майрамына карата бир-эки сөз...
Азыр дүйнөдө, тилекке каршы, чыр-чатактар күч алууда, эски келишпестиктер чыңалып, жаңы кризистер пайда болуп жатат. Ошол эле кезде КМШ өлкөлөрүндөгү жана биз турган чөлкөмдөгү татаал маселелер жок эмес (суу ресурстары, чек-ара, соода-сатык ж.б.). Бүгүнкү күндөгү ТИМдин ички абалын эске алганда, кыргыз дипломаттардын алдында бүгүн бир топ олуттуу экономикалык, инвестицияларды тартуу боюнча жана коопсуздук маселелерди чечүү көйгөйлөрү оркоюп турганы турган. Мамлекеттин туруктуулугу, эл аралык аренадагы абройду жана орунду чындоо менен улуттук кызыкчылыктарды коргоо үчүн, Кыргызстанга дасыккан абройлуу дипломаттар керектеги учурдун зор талабы. Билими жана тажрыйбасы менен элибизге бычакка сап болчу андай уул-кыздар жок эмес, мисалы ошол эле Аликбек Жекшенкулов, Муратбек Иманалиев, Эркин Мамкулов, Ажигит Буранов, Ирина Оролбаева (Кондучалованын кызы) ж.б., бар. Мына ошолордун тажрыйбасын, билимин, жеке байланыштарын мамлекеттин пайдасына колдонуш керек, алар чыныгы мекенчил, эл үчүн күйгөн, карапайым калктын таламын талашып жүргөн инсандар эмеспи.
Ии баса, учурдагы дипломаттардын кесиптик майрамы кокустан да кирип калган жок. Ошол мезгилдеги ТИМ жетекчисинин орун басары Аликбек Жекшенкуловдун кызматтык сунушу менен, тээ алыскы 1998-жылы 21-октябрда КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилип, БУУнун Эл аралык күнүнө чектелип дипломаттардын кесиптик майрамы болуп бүгүнкү күнгө чейин белгиленип келе жатат.
“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити