Бишкекте ушул жылдын 20-мартында алкоголдук ичимдик ичип кызуулукка алдырган кыз милиция кызматкерине кол көтөрүүгө батынган.
Кара-Балта шаарынын Эсенбаева Н. аттуу тургуну 20-мартта Бишкектеги "Улан-2" кичирайонунда достору менен ичимдик ичип отуруп, жандарынан өтүп бараткан бейтааныш жаран менен кайым айтыша кеткен. Ызы-чууда өзүн кармана албай калган кыз көп кабаттуу үйлөрдүн алдыңкы кабатындагы терезелердин бирин сындырып таштаган. Жергиликтүү тургундар милиция чакырышкан. Айтылган дарекке келип, жаңжал салган кызды сүрөткө тартып кирген милиция кызматкерин кыз тээп жиберген. Анын телефонун да сындырып салган.
Эсенбаева Н.дин ишин Октябрь райондук соту карап, төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарды.