Түркиянын Стамбул шаарына иштегени барып, бирок алдамчылыкка кабылып иштеген айдын маянасын ала албай калышкан кыргызстандыктардын маселеси чечилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен 17 кыргыз мигранттары маяналарын толук алышып, 20-октябрда мекенге учуп келишкен.
Ошондой эле, аталган консулдук Түркияга иштөөгө барууну каалаган кыргызстандыктарга келишимге кол коердун алдында иштин шарты жана маяна тууралуу мактап алууну эскертти.