(Уландысы. Башы өткөн санда)

 

Коом мүчөлөрүнүн өкмөттүк саясатка, официалдуу көрсөтмөлөргө, токтомдорго, чечимдерге сын көз менен кароого, алтернативалуу ойлонууга жана вариативдик чечимдерди издөөгө акысы жок болду. Административдик система жарандардын акыл-эсин жана ой жүгүртүүсүнүн жүрүшүн катуу көзөмөлгө алып турду. Адамдар официалдуу идеологиянын духунда туура ойлонууга, сүйүктүү өкмөт менен партиянын бүтүмдөрү менен корутундуларын, тапшырмаларын бир добуштан колдоого алууга, жактырууга тийиш болду. Мына ушундай шартта, кыйла жогорку деңгээлге коюлган, саясий тарбиянын жана идеологиялык манипуляциянын атмосферасында, өзүн өзү мактап шаңданган системанын кучагында бөтөнчө бир адамдык тип пайда болду. Муну адамдын пропагандисттик тиби, башкача айтканда, коммунисттик тоталитардык системанын идеологиялык тарбиясынын туундусу, продуктусу деп атаса болор эле. Мындай типтин мүнөздүү өзгөчөлүктөрү деп, буларды айтса болот: тоталитардык империяга эч шектенбей баладай бажырайып карагаңдык, коммунисттик утопияга сокурлук менен ишенгендик, улутсуз интернационалисттик-космополиттик духта ойлонуу, “элдердин тарыхый жаңы жалпылыгы” идеясына берилгендик, өзүнүн тарыхый тамырларына, улуттук кызыкчылыкка жана ар-намыска кайдыгерлик, идеологеялык догмаларга уулангандык, өкмөт жактан, жогорку инстанциялар тараптан чыккан нерселердин баарын эч күмөн санабай туура деп кабылдап, аларды автоматтык түрдө жетекчиликке алуу, өзүн официалдуу көрсөтмөлөрдөгүдөй, уставдагыдай, окуу китебиндегидей алып жүрүү, өзүнүн аң-сезиминин деңгээлине шек кылбагандык, жекече позициянын, индивидуалдуу МЕНдин жоктугу, “тактекечилик”, кулдук психология. Кочкорбаевчиликтин башкы сапаттары ушундай. Мына ушул типтеги аң-сезимдин калтырган “издерин” Ала-Тоо жергесинен кадам сайын учуратып келдик. Карт Тянь-Шандын жүрөгүнөн А.Түнкатаров “Кыргыз Туусуна” минтип жазган эле: “Кочкор кыштагында кырктан ашык көчө бар (Мен муну телефон китепчеси боюнча айтып жатам). Мунун 30 көчөсүнүн аты орусча коюлган. Кыштакта болсо, жалпы тургундардын бир процентке жетпегени башка улуттар. Алсак, Кочкор кыштагында “Западная”, “Восточная”, “Вокзальная”, “Заводская”, “Лесхозная”, “Школьная”, “Северная”, “Базарная”, “Южная”, “Мелиоративная”, “Октябрская”, “Советская”, “Красная площадь”, “Кооперативная”, “Комсомольская”, “Правда”, “Космос”, “Почтовая”, “Первомайская” жана башка толгон-токой көчөлөр орусча аталууда. Социалистти Эмгектин Баатырлары Жумаалынын, Телегейдин, Асипанын, Кокобайдын ысымдарын берсек саясатка каршы чыккан болобузбу?”. Жогорудагы “улутсуз интернационалисттик-космополиттик духта ойлонуу, өзүнүн тарыхый тамырларына, кайдыгерлик”- дегенге мүнөздүү далил мына ушул. Мына ушундай Кочкорбаевчиликти көргөндөн кийин акын Б.Бугубаев төмөнкүдөй күйүп-бышып жазса керек:

 

Биз досум, өзүбүздүн үйдү таппай,

Турабыз башкалардын көчөсүндө.

 

Административдик-буйрукчул система, казармалык түзүлүш өзү каалаган нукта, көрсөткөн багытта ойлогон жана жүрүп турган өйдөкүдөй “винтиктерге” муктаж болгон, ошондой эле өзүнө чексиз берилген Кочкорбаевдер аркылуу кубаттанып, дооран сүрүп турган. Мындай типти тарбиялоого, айрыкча, советтик мектептин кошкон салымы чоң. Биздин мектептин педагогикалык ишмердиги балдарда ой-пикир айтуунун өз алдынчалыгын, эркин ойлонуу, индивидуалдуу МЕНди өнүктүрүүгө эмес, негизинен өкмөт менен партия талап кылгандай “туура ойлонуп”, “туура багытта баскан” коммунизмдин жаш куруучуларын, орнотулган тартиптердин адвокаттарын тарбиялоого эсептелген эле. Маселен, сочинение жазууда окуучунун менчик оюна, эрежеге сыйбаган жекече ой жүгүртүүлөрүнө маани берилбегендигине нааразы болушуп, мектептин жогорку класстарынын балдары төмөнкүдөй деп жазышкан. “Сочинение жазганды жаман көрөм, анткени өз оюңду жазсаң “3” же “1” аласың, ал эми көчүрүп жазсаң “5” коюшат, себеби көчүргөн иште “туура ойлор” болот”. “Сочинение жазгым келбейт, не дегенде өз оюңду эркин айта албайсың”. “Сочинение жазганды жакшы көрбөйм, анткени мен анда сабактан укканымды, окуу китебинен окуганымды гана кайталашым керек”. Дагы бир жолу айталы, биздин окуу-тарбия системабыз өз алдынча ойлогон инсанды эмес, “ляппайчыны” тарбиялоого багытталган эле. Айтмакчы, мектептеги пионердик башкы ураан да партия менен өкмөттүн ишине: “Дайым даярмын!”- деген ураан эмес беле. Бизге баланын “коё турчу, ойлоноюн” дегени маанилүү эмес, баарынан мурда, окуучунун жогортон коюлган талапка буйдалбастан автоматтык түрдө: “Дайым даярмын!”- деп жооп бергени кызык болчу. Академик Ш.Амонашвили ачуу чындыкты мындай деп туура айткан: “Авторитардык-императивдик педагогикалык процессте окуучунун окуу ишмердиги көбүн эсе кулак түрүп угууга, аткарууга, кайталоого, жооп берүүгө кириптер болгон. Педагогикалык процесс - бүтүндөй диктат. Балага бардыгы диктовка кылынат: билим дагы, адеп-ахлак дагы, айланадагы турмушка кантип баа бериш дагы, ынаным-ишеним дагы. Окуучуларга мугамдердин нускоолорун, насааттарын “ляппай” деп ийилип кабыл алуу үлүшү гана калат. Бирок иш жүзүндө мындай ийилчээктик, элпек тил алчактык бат эле боло койбойт эмеспи, ошондуктан мугалимдер аргасыздандыруу, тыюу салуу, ээн баштарды жана тоң моюндарды бурчка тургузуу же класстан кууп чыгуу сыяктуу көп түрдүү санкциялар менен куралданышат”. Кочкорбаевдин трагедиясы личность болбой калгандыгында. Личность, инсан деген рухий изденүүлөр, акыл-ойдун азаптуу толгонуулары аркылуу өз ишенимдерин, өз көз караштарын өзү түзөт. Личность деген көз карандысыз, эркин адам. Личность деген бул - өзүнүн ичинде отурган кулчулуктун жана тыштан таңууланган авторитардык өкүмдүктүн үстүнөн болгон жеңиш. Кочкорбаев ушундай инсандык сапаттан ажыраган. Ал ички жан дүйнөсүн жана аң сезимин тышкы таасирлерге жана идеологиялык манипуляцияга бийлетип койгон, өзүнүн “мени” жок рухий кул, догматик-функционер. Дал ушундай типтин образын түзүү менен Ч.Айтматов “Кыямат” романындагы “Киши - газетанын” коом үчүн коркунучтуу экенин тайманбай ишаралаган.

 

Жазуучу Кочкорбаевчиликке алтернатива катары романдарында Абуталип, Бороондуу Едигей, Бостон сыяктуу адам жашоосунун маңызы жөнүндө терең ой жүгүрткөн личность - инсандарды желектей желбиретип даңазалаган.

 

Бүгүнкү демократиянын шартында биз Кочкорбаевдин образынан улам кандайдыр бир утопиялык доктринаны ойлоп таап, ага ылайык жасалма идеологияны жаратып, анын негизинде административдик жол менен адамдардын аң сезимин манипуляциялоо жана социалдаштыруу опурталдуу жол экенин ойлоп турабыз. Философ Бердяев учурунда туура эле жазыптыр: “На путях своей реализации человека подстерегает опасность. Человек подвергается насильственной социализации. В этом опасность механизации, опасность автоматизма. Все механическое, автоматическое в человеке – не личное, безличное, противоположное образу личности” (Бердяев Н.А. “Царство духа и царство кесаря”, 28-бет).

 

2. Сабитжан

 

Кочкорбаевчиликтин менталитетинин дагы бир кырына токтололу. “Кылым карытар бир күн” романында мындай бир эпизод бар. Мугалим Абуталип окуткан балдардын арасында бир кем ээк бала бар. Ошол кем ээк бала класста сабак берип жаткан агайынын согуш учурунда туткунда болгондугун уккан соң, тынчсызданып Абуталипке тигилет:

 

“- Анда эмне атынып алган жоксуз?

- Өзүмдү өзүм өлтүрүүнүн кажаты канча эле. Ансыз да жарадар болчумун.

- Душманга туткан болуп түшпөө керек, ошондой буйрук бар да!

- Кимдин буйругу?

- Жогору жактын буйругу, баары бир сиз буйрукту аткарышыңыз керек болчу”. “Аткарыш керек болчу. Аткарыш керек эле!”- кем ээк бала жогор жактын официалдуу буйругун аткарып, мугалиминин атынын өлүп калбаганына кадимкидей нааразы болот. Мынакей, авторитардык педагогиканын жашап турган тартиптерди даңктап, мактап, жактап, жогортон түшүрүлгөн нормаларды, буйруктарды, директиваларды акыркы инстанциядагы чындык катары идеалдаштырып, окутуп-тарбиялагандыгынын натыйжасы. Өз бетинче ой жүгүртүүгө, сын көз менен кароого эмес, кабыл алуунун механикалуулугуна тарбиялоонун жемиши. Бала жогор жактын буйругунун урматы үчүн ойлонбой туруп өз жанын кыюуга даяр. Бул кем ээк бала ушу бойдон жүрүп отурса, келечекте, сөзсүз, Кочкорбаев болот. Мына ушинтип, тоталитардык мектеп Кочкорбаевди те кичинесинен эле рухий майып кылып чыгарган. Кочкорбаев мектептен башталган.

 

Баса, ушул эле “Кылым карытар бир күндөгү” обкомдо иштеген айтылуу Сабитжан Кочкорбаевдин рухий эгизи, түгөйлөшү. Сабитжан кечээки кем ээк баладан өсүп чыккандай. Ошол баланын чоңойгондогусу десек жаңылышпас элек. Сабитжан атасы Казангаптын коюуга чогулган элдин кашында, алдыдагы “кереметтүү келечек” менен мактанып, минтип ой жүгүртүп турат: “Мына, Эдике, радио менен космосто учуп жүргөн кораблди кантип башкарат деп таңгалып отурасын. Ошо да кеппи, мезгили келгенде алиги аппараттарды башкаргандай кылып, адамдарды да радио менен башкарат. Түшүндүңөрбү, бала дебей, чоң дебей, бүт адамзатты радио менен башкарган кез да келет. Эң жогорку кызыкчылыкты көздөгөн илим буга да жетишип отурат. Ананчы! Адам борбордон түзүлгөн программа боюнча иштеп калат. Ар ким өз бетинче, өз эркинче жашап-иштеп жүрөм деген ойдо болот, а чынында анын ар бир кыймыл-аракети жогортон келген команда боюнча жүрөт. Бекем тартип, эреже болот. Сен ырдашың керек болсо, сигнал - ырдайсың. Иштешиң керек болсо, сигнал - иштейсиң. Уурулук, бей-баштык деген баары унутулат, эски китептерден гана окуп каласың. Анткени адамдын жүрүш-турушу, ой-пикири, үмүт-тилеги бүт программага киргизилет, аңдадыңбы?”.

 

Ушул сөздөрдү сүйлөп жатканда, Сабитжан чын жүрөгүнөн толкунданып, көңүлү ачылып, болочокто боло турган кереметти биердегилерден өзү гана жалгыз билгенине ичинен сыймыктанып, ошол радио менен башкарылган укмуш заман тезирээк эле келсе гана дегендей тилекте болот. Сабитжан киши радио менен башкарылып, борбордон түзүлгөн программа боюнча кыймылдап, жиберилген сигнал боюнча басып-туруп калса, анда адамдын инсан, личность катары өз алдынчалыгы, эркиндиги, суверендүүлүгү кайда калат деп түк ойлонбойт. Мунун өзү кишинин атуулдук ар-намысын, инсанын тебелеп-тепсөө, жеке турмушуна кол салуу болбойбу, адамдарды жандуу роботторго, автоматтарга айландырып кордоо, шылдыңдоо эмеспи деген ой башына келбейт.

 

Кишилердин радио менен башкарылышы жөнүндөгү идеяга каршы Сабитжандын козголоң чыгарбагандыгынын, чыр баштабагандыгынын жөнү бар. Анткени ал тоталитардык системанын шартында инсан суверенитети, жеке турмуш, индивидуалдуу эрк, тандоо эркиндиги, жеке МЕНдин өз алдынчалыгын жана боштондугун урматтоо деген сыяктуу түшүнүктөр жана категориялар менен ойлонууга тарбияланган эмес. Коомдук турмушка ушул асыл-нарктардын “көз айнеги” аркылуу карай билүүгө көнүктүрүлгөн эмес. Мындай түшүнүктөр ага чоочун, а түгүл Сабитжанда бул түшүнүктөргө каршы “таптык” иммунитет да иштелип чыккан. Анткени ага кичинекейинен баштап мындай нерселер буржуазиялык индивидуализм, эгоизм, анархизм болот деп үйрөтүшкөн. Казармалык система үчүн, өйдөкү демократиялык асыл-нарктар Ю.Домбровский айткандай “керексиз буюмдардын факультетине” айланган нерселер эмес беле.

 

Сабитжан жеке пенде катары өзүнүн уникалдуулугун туюна элек, өзүнүн МЕНин тааный элек, индивидуалду өзүн өзү аңдап түшүнүүсү ойгоно элек. Ал аткаруучу, кул, “тактеке”. Ошон үчүн ал айланасындагыларга чын ыкластан чечилип: “Дал ошондой, мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору! Биздин ден соолук мамлекет үчүн чоң байлык. Мына көрдүңөрбү, биз карапайым кишилерден эмеспиз, мамлекеттик кишибиз!”- деп, акыл үйрөтүп жатат. Официалдуу жогору жактын эрки, жогортогу инстанция Сабитжан үчүн абсолюттук мааниге ээ. Ушундан улам ал бир тууган партия менен өкмөттүн “жогорку кызыкчылыкты” көздөгөн илими ойлоп тапкан адамдарды радио менен башкаруу жөнүндөгү “жаңылыгын” кубанып тосуп алып жатат.

 

 


(Уландысы бар)

Советбек БАЙГАЗИЕВ,

окумуштуу-публицист

Булак: “Майдан. Kg” гезити