Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Москва шаарында 24-27-октябрда өтө турган  азиат саясий партияларынын Эл аралык конференциялар Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышат. 

 

Бул тууралуу КСДПдан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, азиат, африкалык жана латиноафрикалык партиялардын жетекчи өкүлдөрү экстремизмге каршы күрөшүү жана эл аралык чыңалууларды талкууга алышат. Ошондой эле партиялар аралык кызматташуу маселеси да каралат. Жыйындан сырт көз карандысыз мамлекеттердин ички ишине аралашпоо маселеси боюнча тегерек үстөл да өтөт. 

 

Мындан тышкары 22-23-октябрда Атамбаев Санкт-Петербург шаарына бир тууган агасынын жесири Шаршенова Е. И.нин зыйнатына катышуу үчүн барат. Андан кийин 28-октябрда экс-президент Кыргызстанга кайтып келет.