Кыргызстан менен Өзбекстандын жумушчу тобунун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында, мамлекеттик чегарадагы талаш туудурган дагы эки аймакка тактоо киргизилди. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Тышкы иштер министрлиги маалымат тараткан.
Анда айтылгандай, 15-октябрдан 21-октябрга чейин Наманган шаарында кыргыз-өзбек чегарасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселе боюнча өкмөттүк делегациянын жумушчу тобунун сүйлөшүүлөрү жүргөн. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызыкчылыгын эске алып, Фергана облусуна караштуу Шамардан аймагын Баткен менен бет келишкен жерлерин такташкан. Андан тышкары Наманган облусундагы Кандиен-Булак аймагынын Жалал-Абад облусуна чектешкен аймактарына да тактоо киргизилген. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протокол түзүлдү.