Баса, коомдук ишмер дегенде эстеп кеттим. Чыныгы коомдук ишмер деген менин түшүнүгүмдө кандай киши болушу керек экенин конкреттүү бир адамдын мисалында айтып берейин. Бул окурмандарга да кызык болот деп ишенем.

 

Биздин Лейлектен Ниймат Жээналиев деген киши чыккан. Көзү жакында эле өтүп кетти, бирок бул легендарлуу инсанды тааныбаган, укпаган республикада адам жоктур. Өмүр бою жетекчи кызматтарда иштесе да болгону эки эле сыйлыгы бар экен: совет доорунда “Ардак белгиси” деген орден алыптыр, анан эгемен заманда дыйкан чарбасын уюштуруп, мыкты чарбага айлантканы үчүн “КРнын Айыл чарбасынын эмгек сиңирген кызматкери” деген наам алыптыр. Бул киши бирок эч качан кылганын кадыр-колко тутуп, наам сурап, же сыйлыкка умтулбаган, бирок күнү-түнү элдин кызматы дегенде ичкен ашын таштай чуркаган, чыныгы элдик киши эле. Мен деле Нургазы, курагым өйдөлөп калды, өмүрүмдө ушу кишидей эл деп күйүп жанган адамдарды абдан аз жолуктурдум, санай келсем, он манжам толук бүгүлбөй калат. Азыр бир депутат же министр карылар үйүнө же интернатка барып, аяктан бур ууч конфет салынган баштык таратып койсо, теледен бир ай түшпөйт. Туурабы?

 

Ниймат агабыз кыйкырып төш какпай эле жардамга муктаж жерлерге барып калганда жүз миңдеген акчаларын жөн эле таштап кете берген, андай учурлар толтура. Болгондо да маңдай тери менен тапкан акчасын. Союз убагында бүтүндөй бир чарбаны шефтиккке алып, жут баскан далай оор кыштардан малдын башын аман-соо алып чыгып турганын мен өзүм жакшы билем.

 

Бул кишинин оозунан жетекчи катары “акча жок, же муну аткара албайм” деген сөз эзели чыккан эмес. Аткарууга таптакыр мүмкүн болбогон бир ишти Ниймат аке кантип аткарганын айтып берейин.

 

1987-жылы болсо керек эле. Районго жаңыдан дайындалып келген биринчи катчы А.Сапарбаев аксакал анын жетекчилик дараметин сынап көрсөмбү деген ой көөнүнөн сыдырылып: “Жолдош Жээналиев, райком бюросунун сизге бере турган өзгөчө тапшырмасы бар, бирок аткара алар бекенсиз?”,- дейт сынай тиктеп.

“Айта бериңиз, Абдыкадыр Сапарбаевич, колдон келе турган иш болсо сөзсүз аткарабыз”,- деген шар жоопту уккан биринчи катчы: “Райондун тарыхын чагылдырган музейдин курулушу аяктап баратат. Районго кат-кабарларды, гезит-журналдарды жеткирип турган алгачкы унаа деп ушул тарых музейине бир АН-2 самолетун койсок деген ой болуп атат. Сиз ушул самолетту таап келип коё аласызбы?”,- деп сурайт.

 

Муну тамаша катары түшүнгөн залдагы жетекчилер отурган жеринде “дуу” түшүп күлүп калышат. Анткени бул колдон келбеген иш, мындай килтейген самолетту “ме, музейиңерге алып барып койгула” деп ким эле бере салат экен...

 

Дуу эткен күлкү басылгандан кийин Сапарбаев кайра серьезный тиктеп: “Жолдош Жээналиев, райкомдун бюросу сизди бул ишти аткарат деген ишеним билдирип жатат, буга не дейсиз?”,- деп дагы кысмактап көрөт.

 

Ойлонуп турчу Ниймат ава бекен, шарт эле: “Аткарам, канча убакыт бересиз, болгону ошону точно айтып койсоңуз?!”,- деп жооп узатат.

 

Ниймат Жээналиев чын эле бир жумада Лейлекке АН-2 самолетун айдатып келгени эсимде. Самолет райкомдун үстүнөн үч жолу тегеренип учуп, анан аэропортко конгонун көргөм. Бул легендарлуу адамдын мындай аткарган иштери толтура, анын баарын китеп кылып жаздык, жакында буйруса, жарыкка чыгып калат. Анын ичинде самолетту кайдан таап келгенин абдан ширесин чыгара жазганмын.

 

Лейлекте прокурор болуп иштеп, башка жакка кызматка которулуп кетип бараткан досу самолетко кечигип калганда, учуп кеткен “Ленинабад – Фрунзе” каттамындагы АН-24 самолетун артка кайтарган да ушул Ниймат Жээналиев агабыз болгон. Бул бир гана чети.    

 

Лейлекке президентпи, премьер-министрби, депутаттар, министрлер барабы, аяктагы жетекчилерди эстебей, адегенде эле Ниймат агабызды сурап турушчу, анткени карапайым элдин турмушун, көйгөй маселелерин бул кишиден артык эч ким так, даана айтып бере алчу эмес да, чоңдорго тайманбай айтып, маселе да коё алчу эмес. Коомдук ишмер деген мына ушундай болуш керек. Анан кечээ эле арактан башы чыкпай жүргөндөр бүгүн молдо болуп чыга келгендей, эптеп-септеп жүргөн бирөөлөр эле коомдук ишмермин десе, күйбөгөн жериң күл болот да, Нургазы... 

 

- Кайсы партиянын мүчөсүсүз, жактырган, колдогон саясатчыларыңыз кимдер?

 

- Мен КПССке мүчө бойдон калганмын. Партбилетим азыр деле сакталуу. КПССтай күчтүү партия эми чыкпайт, чыкса да бир замандарга барып чыгаттыр. Бирок мен ошол партиянын мүчөсү болгонума сыймыктанам. Анткени мени ишке кантип мамиле кылганды, тартиптүүлүктү, жоопкерчиликти сезгенди ошол КПСС үйрөткөн, мындан эч бир уялбайм да, арданбайм. Мунун мага өмүр бою пайдасы гана тийип келатат.

 

Ошондуктан эч бир партияда жокмун, колдогон саясатчым да жок. Алар менин колдоомо муктаж да эмес. Мен колдогон саясатчы - мамлекетке, элге кызмат кылган саясатчы. Кыргызстандагы карапайым адамдар баарыбыздын эле оюбуз ушундай эмеспи. Мисалы, Аскар Акаев алгачкы беш жыл сонун иштеп берди, ал иштер каалайбызбы, жокпу, тарыхта калат. Бакиев падыша болгондо Россияга кетип калгам, келсем аны да кууп чыгышыптыр. “Чектен чыгып кетти”- дешти. Роза Отунбаева эжебиз эң кыйын мезгилде туруп бергени үчүн эле урматтап, сыйлап алышыбыз керек.

 

Башкасын айтпаганда да, эзели чечилгистей сезилген эң кыйын маселе - газ менен электрди чечип берип кеткен А.Атамбаевди “кулаган арстандын сакалын коён деле жулат”- болуп, азыр кылаарга иши жоктун баары эле асылып, көрдөн алып жерге уруп, моокумдары канбай, эрмектеп атканы. Эмне деген ыплас жугундуну башынан ылдый куюп атышат. Таң калганым - бир да далил же фактысы жок. Болсо го бир жөн, “ии, сооп болот буга”- деп каласың жок дегенде. “Пайгамбар өз мекенинде пайгамбар эмес”- деп туптуура айтышкан экен. Бул кишинин жасаган эмгектерин баалай турган мезгил келет.

 

Дегеле эл башкарган адамдарыбызды сыйлаганга үйрөнүшүбүз керек. Анткени аларды өзүбүз шайлап атабыз го. Катачылыгы, кыңыр иштери болсо, ал таптакыр башка маселе.

 

- КПСС дегениңизге караганда совет доорун дагы эле сагынат болушуңуз керек? Азыркы эркин жашоо, эгемендүүлүк заманга кандай көз караштасыз?

 

- Совет доорунан жамандык көргөн жокпуз. Мен бул жерде кыйынсынып, элге акыл үйрөтөйүн деген түк оюм жок, болгону өз оюмду айтайын. Бир эле мисал: Октябрь революциясына чейин Кыргызстанда болгону конфет чыгарган кустардык типтеги 1 фабрика, 2 пийва чыгарган, 2 тери буюмдарын жасаган завод, шире чыгарган 1 цех, 11 тегирмен болуптур. Булардын баарысы чогулуп келип берген дүң продукциясынын көлөмү 175 миң гана сомду түзчү экен! Болгону 150 адам гана иш менен камсыз болуптур! Мындан тышкары, чийки затты кайра иштеткен (жүн жана пахта) бир нече менчик ишкана, 5 мамлекеттик ГЭС (кубаттулугу 265 кВт.), убактылуу иштеген 6 кыш чыгаруучу завод, 1 акиташ чыгарган завод, 27 шахта, 2 нефти чыгарган ишкана гана болуптур.  Болгон өнөржай ушул.

 

Октябрь революциясынан кийин Кыргызстан кандай өнүккөнүн баарыбыз билебиз. Азыркы батышка кылчактаган тарыхчылардын көбү муну айткылары келбейт, бирок тарыхый чындык ушул: кыргызды этнос катары сактап калган мына ошол октябрь революциясы, Лениндин улуттар саясаты болгон!

 

Эми азыр ар кайсы республика “кайсы жагынан кулак чыгарса, казанчынын өз эрки”- дегендей, өз тарыхын окутуп атат. Сахалинде иштеп жүрүп, мен өзбекстандык, тажикстандык балдар менен атайын көп сүйлөшчүмүн. Буларда тарыхты кантип окутуп атат болду экен деген кызыгуу күч эле. Өзбек, тажик балдардын айтымында алардын тарыхы биздикинен да терең болуп чыгат экен!

 

Тарыхты бурмалагандар бизде деле толуп атпайбы. Мисалы, атын айткым да келбейт, фашисттерге өз ыктыяры менен сатылып, кызмат кылган, чинин алган, алтургай, кожоюндарынын тили келбегендиктен, алар чакырганга оңой болсун деп ата-энеси азан чакырып койгон атына дейре өзгөрткөн Мекен чыккынчысын эми улутка күйгөн азамат эле, диссидент эле деп элдин башын айландырып атышпайбы. Жаштар кадимкидей ишенип атат да. Чыккынчы мыкты болсо, анда дзотко көкүрөгүн тоскон Чолпонбай баатыр акыл-эси жок жинди болуп чыгабы? Немистерге төшүн тосуп, Москваны коргоп калган 28 панфиловчу душмандар менен келесоолугунан кашык каны калганча кармашыптырбы? 28 баатыр деле ойдон чыгарылган деп айта башташты баягылар. Анда жер жайнаган душманды ким тоскон? Бирөөлөр тосуп, каршы турганы үчүн өтө алган жок го Москвага душман?

 

Эгемендик, эркиндик деген жакшы дечи, бирок советтик Кыргызстанда деле жаман жашаган жокпуз, тартип, жоопкерчилик деген бар эле, мансапкорлор азыркыдай өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илет деген жок эле. Анткени жоопкерчилигин сурап, баарын чычырта кармап турган мамлекеттик бийлик деген күчтүү болчу. Кадрлар азыркыдай тууган-билиш, жек-жаат аркылуу эмес, ылганып, тандалып, өстүрүлүп отуруп анан кызматка келчү. КГБ деген жети атаңдан бери сүрүштүрүп тактап, ошол кызматка татыктуусуңбу жокпу, текшерип турчу. Эми андай система жок, бирөө чоңураак кызматка отурдубу, артынан топураган тааныштары, достору, туугандары кошо келет да, андан кийинки майда кызматтын баарын ээлейт. Бийликтин кадыры кеткени ошондон. Азыр акимиңди мисалы, керек болсо, любой абышка тилдеп туруп, алтургай, орустун үч тамгадан турган ойрон сөзү менен бир жерге айдап салышы турган кеп. Анткени абышка анын ким экенин, кимдин аркасы менен кызматка келгенин көрүп турат, экинчиден, өзү жаш кезинде аким бери турсун, биргатка баш көтөрүп сүйлөгөн жан эмес, эми ошонун өксөөсүн да чыгарып атканы. Карап туруп ушул акимдерге бооруң да ооруп кетет. Бир депутат жакында эле айтпадыбы, “ушул губернаторлор менен акимдердин кереги деле болбой калды, жоготуш керек”- деп. Туура айтты дейм.

 

Чыгаан инсаныбыз, маркум Салижан Жигитов айтчу эле: “бир кезде жоош, тартиптүү эл элек кыргыз. Эми эгемен болгону эч нерседен коркпой калган кыргыз өзү эми коркунучка айланды”- деп. Кандай так айткан ыя, Нургазы? Ошондой эле болуп атпайбы? Азыр жаштарга тигиндей мындай деп насаат айтып көрчү, “тур ары, менин жашоомо ит тумшугуңду малба” дейт. Десе го бир жөн, зөөкүрлүгүнө алса, энекеңди үч-коргондон көрсөтүп да коет. Идеология, тартип болбосо, болбойт экен бизге. Улуттук нарктын ордун батыштын наркы ээлеп баратат. Андай эмеспи? Свежий мисал: кыргыздын бир ырчы кызы “төшүмдү чоңойттум” деп элге ачык эле жар салып атат. Дагы бир кызыбыз “элдин алдына эмчек капчан ырдап чыккан уят экенин билбептирмин”- дейт. Балдар бакчасында иштеген мугалим сөрөй беш жашар кызга тигинисин көрсөтүптүр. Бир жигит “мен жашаган жерде кыз жок, ошондуктан... койго барып атам, бул ден-соолугума зыян эмеспи?”- деп элден сурап турат. Мунун баарын эл окуп жатат, жерге түкүрсө да окуп жатат. Шумдугуң кургур ай! Бу кандай? Бул деген Кубан Мамбеталиев байкем айткандай, “Приехали, абышка!”- деген кеп ушу. “Жетер жерге жеттик”- деген кеп.  

 

Ошондуктан ыпыластыктан, зомбулуктан, башаламандыктан тажаган карапайым адамдардын ичинде совет доорун сагынгандар көбөйдү. Сталин келсе экен деп армандагандар көбөйдү. Арга куругандыктан айтылып атат да. Бирок курган үмүт деген бар да, үмүт деген өчпөйт экен, “бара-бара оңолорбуз”- деп коюп жашап атабыз.

 

 

 

(Уландысы кийинки санда)

Маектешкен

Нургазы АНАРКУЛОВ, Булак: “Майдан. Kg” гезити