Ош шаарында 40 жаштагы аял 8 айлык баласын көтөрүп көп кабаттуу үйдүн терезесинен боюн таштаган. Окуя ушул жылдын 6-сентябрында болгон. Оштогу кичирайондордун бириндеги төрт кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатынан баласын кучактап секирген 40 жаштагы аял жарандык никедеги жолдошу таштап кеткендиктен ушул кадамга барганын айткан. 

 

Ош аймактык ИИБинин маалыматына караганда, аялга баланы өлтүрүүгө аракеттенүү айыбы тагылып, учурда Жалал-Абаддагы абакка камалды. Бала реабилитациялык борбордо дарыланууда.