Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов жол кырсыгына учурады. Жол кыймылын көзөмөлдөө Мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, "Тайота Ленд Крузет" үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде депутаттын энеси, жубайы жана 1998-жылы жана 2002-жылы төрөлгөн эки баласы болгон.  

 

Маалыматка караганда, депутат рулду башкара албай калып, автоунаа жолдон чыгып, тегеренип кеткен. Ал Жайыл районунан келе жатканы белгилүү болду. Нодирбек Каримов жубайы жана балдары менен оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал эми энеси ошол жерден мүрт кеткен.