УКМК Икрамжан Илмияновдун кармалганы тууралуу билдирүү таратты.   Бирок, кайсы жерден, кандай жагдайда кармалгандыгы азырынча ачык айтыла элек. 

 

Бирок, маалымат каражаттарынын кээ бирлери анын Москва шаарынан кармалганын жазып чыгышты. 

 

 

Белгилей кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго 18-октябрда сот сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. Ал эми 19-октябрда ага эл аралык издөө жарыяланган. Ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турган кезинде кайсы бир ишкерден 150 миң доллар пара алган деп айыпталып жатканы да айтылууда.