Кээ бир судьялар жылына 50-80 миң долларга чейин кошумча киреше табышат. Бул тууралуу “Укук мектеби” коомдук уюмунун төрайымы Клара Сооронкулова
“Мамлекеттин сот тармагындагы коррупцияга каршы саясаты: абалы жана келечеги” аталышындагы тегерек үстөлдүн жүрүшүндө билдирди.
Айтымында, башка мамлекеттер эгер коррупция маселеси бар болсо, судьялар үй-бүлөсүнүн жашы жете элек мүчөлөрүнө дагы декларация жазышат. Мындай талап судьялардын мүлктүк абалын аныктоо үчүн өзгөчө мүнөзгө ээ.
Ал судьялардын 2015-2016-жылдардагы колдонууга эркин бир нече декларациясын анализдеп чыкканын белгиледи. Андан улам соттордун басымдуу бөлүгү текшерүү болбогондуктан кирешелерин жана активдерин жашырып коюшаары байкалган.
"Мамлекеттик кадр кызматы баарын формалдуу түрдө жасап жатат”, - дейт Клара Сооронкулова.