Сокулук районунда Өзбекстандын жараны кармалды. Ал адамдарды Түштүк Кореяга жумушка орноштурам деп алдап, акчаларын алып, качып кеткен. 

 

Чүй облустук ИИБинин маалыматына караганда, ага байланыштуу көз боемочулук боюнча кылмыш иши козголду. 

 

Киши адамдардан  визаны ачтырууга жана чет өлкөгө чыгууга керектелчү паспорт жасатууга деп акча алган. Алдангандардын айрымдары 1,5 миң доллардан беришсе, кээ бирлери 4 миң долларга чейин карматышкан. Андан кийин шектүү из жашырып кеткен. Буга дейре да шектүү көз боемочулук менен 12 жылга эркинен ажыратылганы белгилүү болду. Ал жатак-колониядан өткөн жылдын ноябрь айында качып кеткен.