Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновду камакка алуу боюнча сырттан чечим чыгарылды. Чечим Биринчи май райондук сотуна таандык.
Жогорку соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Илмиянов кандай кылмыш иш боюнча камакка алынганы ачык айтылбайт, анткени анын ишинде "жашыруун" деген белги турат.
Соттун чечими Икрамжан Илмияновго сырттан чыгарылды жана ал УКМКнын тергөө абагында кармалууга тийиш. Ошондой эле сот УКМКнын тергөөчүсүнүн арызын канааттандырганы белгилүү болду.
Икрамжан Илмиянов бир нече ай мурун өлкөдөн чыгып кеткен. КСДП анын чыгып кетишин энеси ооруп, Москвага дарылатууга алып кеткени менен байланыштырган. Бирок, ошондон бери экс-кеңешчи кайтып келе элек. Ошондой эле маалымат каражаттарында кайсы бир ишкер Илмияновдун үстүнөн коррупцияга айыптап арыз жазганы айтылган.