Бул тууралуу депутат Рада Туманбаева мындай маалыматты бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин билдирди. 

 

“Ала-Тоо булагы” калкты таза суу менен камсыздоо боюнча программасы 2013-жылга чейин белгиленген. Анын алкагында республика боюнча 115 айыл таза суу менен камсыздалмак. Жалпы суммасы 71 млн АКШ доллары. “Эми ушундай жакшы программа АРИСтеги 2-3 адамдын интригасынан Ала-Тоо булагы” таза суу программасы улам үзгүлтүккө учураганы турат”,- деген депутат Рада Туманбаева Өкмөткө коңгуроо кагып, элди ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча буга чейинки программаларга каралган каражаттар дагы желип кеткендигин эске салды.