Токтогулдагы бир катар жергиликтүү депутаттар жана жашоочулар райондогу бир тууган Сарпашевдердин аракеттерине укуктук баа бере албай жатканына даттанып айылга чогулушту. Анда мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баш болгон бир туугандар мамлекеттик фонддун гектарлаган жерлери, кампалар, мал сарайлар жана дүкөн сыяктуу райондогу кирешелүү мүлктүн баарына мыйзамсыз ээлик кылып, карапайым калктын мыйзамдуу укугу менен кызыкчылыгын басмырлаганы айтылды. Ал эми Сарпашевдер мунун баарын кезегинде мыйзамдуу жол менен алганын айтып келатышат.
Токтогул районунун Торкен айыл аймагындагы Абды Сүйөркулов атындагы айылдык кеңештин депутаттар тобу андагы жердеши, бир тууган Сарпашевдер "кезегинде ижарага алган мамлекеттик фонддун гектарлаган жерлерин кайтарбай жатат" деп даттанып, укук коргоо органдарына кайрылышкан.
Торкен айыл өкмөтүнүн башчысы Шайлоо Жуматаев мыйзамсыз жол менен көп жылдык ижарага алынган гектарлаган айдоо аянттарына жергиликтүү соттор көз жуумп жатканын белгиледи: “- Мурунку биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин агасы Тазабек Сарпашевдин “Абел” асыл тукум чарбасына 2008-жылы 20 гектар сугат жерди мурдагы айыл өкмөт башчысы 30 жылга ижарага берген экен. Айылдык кеңештин депутаттарынан кайрылуусунун негизинде Токтогул райондук прокуратурасы быйыл июль айында текшерип, Жер кодексине ылайык ижарага жер 10 жылдык мөөнөткө гана берилерин көрсөтүп, бизге каршылык билдирүү жөнөткөн. Анын негизинде биз кезегинде мыйзамсыз берилген жердин келишимин бузуп, жерди өзүбүзгө алганбыз. Ага макул болбогон Тазабек Сарпашев бизди сотко берип, биринчи инстанцияда утулуп калдык. Азыр бул иш облустук соттун кароосунда. Мындан сырткары 2005-жылы 80 сотых кайракы жер Памирбек Сарпашевге 10 жылдык мөөнөткө өздөштүрүү максатында берилген. Бирок 2015-жылы ижара мөөнөтү бүткөнүнө карабай ал жерди кайтарбай жатат. Бул багыттагы иш да азыр соттун кароосунда. 16 гектар жерди да Памирбек 20 жылдан бери ижарада иштетип, бербей келет. Айылдык кеңештин депутаттары "сессияда бул жерди карап, быйыл күзүндө алабыз" деп айтууда. Жергиликтүү бийликтин башчысы катары сотко даттануу берип, соттошуп утулдук. Мындайча айтканда айыл өкмөт өз жерин ижарага берип, кайра ала албай жатат. Балким агасы Тайырбек Сарпашевдин таасири болуп жаткандыр?”.
Жергиликтүү бийлик менен Сарпашевдердин үй-бүлөсү азыр эки башка жер аянттары боюнча соттошуп жатышат. Бул багытта нааразычылык билдирген 50гө чукул жергиликтүү тургундар менен катар айылдык кеңештин депутаттары 13-октябрда Торкен айыл өкмөтүнүн имаратына чогулушкан. Андан соң алар "бир тууган Сарпашевдер мыйзамсыз алды" деген жерлерди жана мүлктөрдү кыдырып чыгышты. Алардын катарында 1,23 гектар жери менен "сүт заводун курабыз" деп алган эски гараждын имараты, айылдын борборундагы дүр-дүйнө дүкөнү жана мал сарай да бар.
Торкен айылын 10 жылдай башкарган айыл башчы Эркинбек Төраканов жыйын учурунда буларга токтолду: “- Токтогулдун Торкент айылында Сарпашевдер бир туугандары менен бирге кезегинде сууга жакын каймактуу жерлерди ээлеп алышкан. Мен 10 жылдай ушул жерде айыл башчы болуп иштеп, билем, алардын баарын. Улам ижара мөөнөттөрүн мыйзамсыз узартышып, ушул убакка чейин бербей келишет. Башка колунда жок, карапайым тургундар да колдонушу керек. Кудайдан корксоңор боло, айланайындар? Жалаң эле Сарпашевдер жашаш керек эмес да? Кандай бектер келип, нечен хандар өткөн бул дүйнөдө, Сарпашевдердин да доору бүтөт. Жер талашып жүрүп эч жакка бара албайбыз, бирок баарыбыз жарым метр жерге барабыз. Ойлонгула!”.
Ал эми айылдык кеңештин депутаты Айдарбек Таабалдиев Сарпашевдер элге берген убадасын аткарбай жатканына нааразы болду: “- Тайырбек Сарпашев, Тазабек Сарпашев, Памирбек Сарпашев деген бир туугандар кезинде атасына биздин кампаларды, гараждарды жана мал сарайларды болбогон эле акчага менчиктештирип берген. Мисалы, "Абды Сүйөркуловдун музейин курабыз" деген шылтоо менен эски универмагды алышып, башында анын бир бурчуна Абды Сүйөркуловдун сүрөтүн коюшкан эле, кийин ага башка жактан жай бердирте коюшуп, ошону да менчиктештирип алышты. Азыр ал жерди дүкөн катары иштеп жатат. Айылда спорт залы жок, балдарга сурасак бербей жатат. Мындан сырткары, "айылдагы 1,23 гектар жердеги эски гараждын ордуна сүт завод куруп, элди иш менен камсыздайбыз" деп убада беришкен. Азыр ал жер да тосмолонгон боюнча турат. Кезегинде Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер болуп жатканда Тайырбек Сарпашев элге "сүт заводун курабыз" деп келип айткан. Азыр эми жок дегенде бала бакча куралы десек да бербей жатышат. Эң эле көйгөйлүү маселе - азыр бизде фонддун эсебинен жерди ижарага алуу машакат. Анткени Сарпашевдер 80-90 гектар сугат жерлерди ээлеп отурушат. Буларды айтып, айылдык кеңештин төрагасы менен сотко катышып жатсак, Тазабек Сарпашев бизди ачык эле "силерди баңгизат менен карматам" деп коркутту. Биз эл үчүн эч нерседен коркпойбуз”.
Бирок мындай дооматтарды Токтогул райондук акимчилигинин айыл чарба департаментинин башчысы Тазабек Сарпашев четке какты. Анын айтымында, Токтогулдагы Сарпашевдердин ээлигиндеги мал сарайлар, кампалар, гараждар жана айдоо аянттары мыйзамдуу жол менен алынган. Тазабек Сарпашев кайракы жерлерди өздөштүргөндөн кийин айрым жердештери көралбастык кылып, каралап жатканын билдирди: “- Муну азыр кызыкчылыгы бар адамдар уюштуруп жатышат. Болбосо биз 20 жылдан бери иштеп келатабыз. Анда эмнеге минтип чыгышкан эмес? Мен алган жердин жанында, үстү жагында дагы бир топ жер аянттары бар. Бирок ал жерлерди өздөштүрүүгө инвестиция керек. Мен болсо кезинде ошол жерди алып, 450 миң сомго чукул каражат чыгымдап, аны өздөштүргөм. Ошол жер аянттарын, мал сарайды алып, иштетиш үчүн тобокелге барып, 2 миллион сомго чейин насыя алып, үйүмдү күрөөгө койгом. Анан ошол жерди көгөртүп, суу чыгарып койсом, "мыйзамсыз алды" деп жатышат. Азыр эки жер боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. Ал кандай чечим кабыл алса да аны аткарууга жана жерлерди кайтарып берүүгө даярмын. Инимди аралаштырып саясаташтырууга негиз жок”.
Токтогулдуктар райондогу бир тууган Сарпашевдердин аракеттерине сот жана укук коргоо органдары да укуктук баа бере албай жатканына нааразы болуп, ишти ачык териштирүүнү камсыз кылуу өтүнүчү менен мамлекет башчысына, өкмөткө жана парламентке кайрылуу максатында алдыдагы күндөрү митинг өткөрүүнү пландап жатат.
Руслан Калматов,
Булак: “Азаттык”