"Коопсуз шаар" долбоорунун жети жылдан бери ишке ашпай келатышынын бир гана себеби бар, ал жемкорлук. Мындай пикирин депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Тендер деген теңдел деген сөз кыргызча алганда. Теңделгенди каалабай бергендер теңин беребиз дешет, алгандар баарын алабыз дешет, ошентип ишке ашпай келатат. Акыркы тендер эмне үчүн дагы үзгүлтүккө учурады? Мында да жемкорлук роль ойноду", - деди депутат.
Момбеков долбоордун "Акылдуу шаар" анан барып "Коопсуз шаар" болуп аталышы алмашканын сынга алды.
"Акылдуу шаар айныды, коопсуз шаар ишке ашпай келатат. Кыргызча эле жакшынакай ат койсоңор болбойт беле?"
Ошондой эле ал, Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев 9 кылмыш ишинин фигуранты экенин белгиледи.
"Мен бул боюнча тийиштүү кызматтарга маалымат берем. Жооптуу иштерге кооптуу адамдарды дайындоо жагынан алдыбызга эч кимди салбайбыз", - деп нааразыланды ал.