Жогорку Кеӊеште Премьер-министр тарабынан тышкы иштер министри кызмат ордуна дайындоого сунушталган Айдарбеков Чыӊгыз Азаматовичтин талапкерлиги каралды. Аны депутаттарга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Анын пикиринде, Чыӊгыз Айдарбеков тажрыйбалуу кесипкөй дипломаттардын бири, ошондон улам, ал министрликке толук татыктуу талапкер.

 

Эл өкүлдөрү талапкер эгер колдоо тапса бүтүндөй бир жооптуу министрликти кантип башкарарына кызыгышы. Талапкер Чыңгыз Айрбеков негизи сунуш күтүүсүз болгондугун, бирок жоопкерчиликти толук кандуу сезе билерин, өлкөнүн тышкы саясатын жолго коюуга бар күч-аракети менен иштерин билдирди. КР Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев талапкердин тышкы саясатты тескеген жооптуу иште өзүн көрсөтө алаарына үмүт артаарын айтты.

 

Ошондой эле бир катар депутаттар Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилеринин ишмердүүлүгүнө катуу көзөмөл кылууга чакырышты. Депутат Кенжебек Бокоев элчилик кызмат орундарына бер жагы 10 жылдык эмгек стажысы барларды сунуштоо зарылдыгын ортого салды. Мындан сырткары, депутат Исхак Масалиев Кытай өңдүү чет өлкөлөр менен кызматташууда алгач өлкөнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, анан достук мамилени чыңдоого көңүл бурууну сунуш кылды.

Бир катар эл өкүлдөрү тышта жүргөн мекендештерибиздин көйгөйлөрүнө дагы маани берүүгө үндөштү.

 

Добуш берүү жыйынтыгында депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн колдоосу менен Чыӊгыз Айдарбековдун талапкерлиги тышкы иштер министри кызмат ордуна дайындоого жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

 

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Чыӊгыз Айдарбековду эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

 

Белгилей кетсек, Чыӊгыз Айдарбеков 1977-жылы Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Юридика илимдеринин кандидаты. Ал өзүнүн эмгек жолун Тышкы иштер министрлигинде баштаган. Ал 20 жылдан бери жооптуу дипломатиялык кызматтарда эмгектенип келет. Анын ичинде 5 жыл Жогорку Кеӊештин Эл аралык байланыш жана протокол бөлүмүн жетектеген. Буга чейин Кыргызстандын Жапониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп турган.