Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Абылгазиев ТИМдин мурдагы башчысы Эрлан Абдылдаевдин эмне себептен кызматтан кеткенин ачыктады. Бирок, аны коррупцияга аралашты деп айта албастыгын белгиледи. 

 

"Абдылдаевдин кетишинин биринчи себеби коомчулукта талкууланып жаткан маселелер болду. Бирок, аны коррупцияга аралашты деп айта албайм, ал боюнча азыр териштирүү иштери жүрүп жатат. Экинчи себеби, моралдык жагын карады. Өзү иштеп жаткан министрлик тууралуу айтылган кептерден улам тартип көргөн кызматкер катары кармалып тура албашын түшүндү", - деди өкмөт башчы.