Бишкектеги көп кабаттуу үйлөргө жана социалдык мекемелерге эртең, 18-октябрдан баштап жылуулук бериле баштайт. Тийиштүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, Бишкекте жылуулук сезону +8 градус жана андан ылдый аба температурасы үч күн катары менен кармалганда гана башталмак. Кыргызгидрометтин билдиргени боюнча, октябрда өлкө аймагында орточо аба температурасы +5 +14 градуста болот. Ай ичинде -1 грауска чейин жеткен сууктун болушу да күтүлүүдө.