Мамлекет башчыбыз коррупцияга аёсуз күрөш жарыялап, баардык таза адамдарды коомубузду кара тумандай аралаган бул илдетке каршы турууга чакырган. С.Жээнбековдун бул кадамын алгач Ош облусунун, айрыкча Кара-Суу районунун карапайым калкы колдоого алышып, жер саткан чиновниктерди ачыкка чыгарышууда. Алсак,  Папан айыл өкмөтүндөгү мыйзамсыз жер сатылгандыгы тууралуу маалыматтардын негизинде азыр соттук териштирүү жүрүп жатат. Өткөн жумада 300дөй адам бул процесске колдоо көрсөтүп, митинг өткөрүштү. Албетте, чогулгандар арасында айыл өкмөткө нааразы болгондор жана эмнегедир колдогондор да болду. Нааразы тарап аталган айыл өкмөттүн жер сатууда мыйзамсыз аракеттерге барган деп күнөөлөшүп, сот адилеттүү өтүүсүн талап кылышты. Алар аталган айыл өкмөттун башчысы Эрмат Исмаилов жана анын катчысы, жер адиси тургундарга жер бөлүштүрүүдө мыйзамсыз жолдорго барган деп айтышып, сот алардын ишин калыс карасын деген жазууларды көтөрүп чыгышты. Ал эми митингге чыккандардын экинчи тарабы аталган айыл өкмөттү колдоп келишкен. Алардын айтымдарында жабыркадык деп даттангандардын жактоочусу Айсалкын Карабаева 15 чамалуу адамды үгүттөп, митингге алып чыгып, элди экиге бөлүп жатыптыр.  Кара-Суу районунун акиминин орун басары учурда район боюнча 3 айыл өкмөттүн башчысына кылмыш иши козголгонун моюнга алды. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Кыргызстандын “Сицилиясы” деп аталган Кара-Суу районунда жердин баасы Бишкектегиден да кымбат. Ошондуктан айыл өкмөттөр үчүн жер сатуу өтө кирешелүү бизнес болуп калган. Бирок сот “жер мафиясын” ооздуктай алар бекен?

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити