Өткөн жуманын башында Кыргызстандын Ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизген болчу. Буга коңшу өлкөнүн Кыргызстан менен чектеш аймактарында куш тумоосу боюнча маалыматтардын чыгышы себеп болгону айтылган. Ал ортодо жергиликтүү тоок багып ишкерчилик менен алектенген фермерлер кудуңдап сүйүнүп калышкан. Себеби алардын өндүргөн жумурткасы менен тоок эти Казакстандан ташылып келген арзан жана сапатсыз “конкуренцияга” туруштук бере албай, “банкрот” болушууда. Бирок расмий Астана жуманын аягында тооктору грипп болбогондугу боюнча тиешелүү документтерди көргөзүүнүн ордуна биздин аларга малдын эт азыктарын экспорттогон беш фирмага да “санкция” киргизүү менен жооп берген. Тилекке каршы бул жуманын башында Кыргызстандын ветеринардык кызматы кошуналардын тоогуна киргизилген убактылуу чектөөнү кайра алып салгандыгын жар салды. Ошентип кыргыз өкмөтү баурдастардын тоок чарбаларынын бизнесине жол ачкан менен кыргыз ишкерлеринин башына чапкандай эле кылды. Көрсө, казак тарап бир жумада эле грипп болгон тоокторун дарылап, тез арада тиешелүү чара көрө коюптур. Бул эми эки тараптан тең мышык-чычкан оюну же “соода согушу” экендигине маңыроо адам гана ишенбесе, баарыбыз эле көрүп-билип турбайбызбы. Ошол эле Казакстан үч айдан бери өз аймагына Россиядан тоок эти менен жумурткасын гана эмес, жүнүн да өткөрбөй жатат. Демек, өздөрүнүн ички рыногу менен кошо Кыргызстанды да ээлеп алышууда. Ооба, Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун, ЕАЭБдин мүчөсү катары бул эл аралык бирикмелерге мүчө мамлекеттерден келген продукцияга тыюу сала абайт, бирок сапатын текшерип, начар болсо өткөрбөй коюуга акысы бар. Кыргыз өкмөтү элди, элдин ден соолугун ойлобосо да, экономиканы көтөрүш керек го.
Булак: “Майдан. kg” гезити